Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Алмазбек Атамбаев: “Жеңиш Күнү - элибиздин биримдигинин, ынтымагынын, эркиндикке жана эгемендикке умтулгандыгынын белгиси"

Бүгүн, 2013-жылдын 9-майында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Улуу Ата Мекендик согуштун Жеңишинин 68 жылдыгын майрамдоодо катышты.

Алмазбек Атамбаев Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондордун элесин эскерип, Жеңиш аянтындагы Түбөлүк отко гүлчамбар койду.

Өлкөнүн Президенти сөз сүйлөдү, андан кийин Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы колбашчысы катары аскер парадын кабыл алды, ошондой эле палаткага барып, согуштун ардагерлери менен аңгемелешти.

Мамлекет башчысынын сүйлөгөн сөзүнүн тексти:

Улуу Ата Мекендик согуштун ардактуу ардагерлери, эмгек каармандары!

Урматтуу мекендештер!

Сиздерди Улуу майрам – Жеңиш күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!

9 май - Улуу Жеңиш күнү – эң маанилүү майрамдарыбыздын бири. Кыргызстандыктар үчүн – бул ыйык майрам. Эскерүү Күнү. Биздин ачык асманыбыз, бейпил жашообуз үчүн өз өмүрүн кыйган аталарыбызды эскерүү күнү.

Согуш алааматы совет өлкөсүнүн дээрлик ар бир үй-бүлөсүнө залакасын тийгизди. Бир дагы үй-бүлөнү кыйгап өткөн жок. Бирөөнүн атасы, бирөөнүн уулу, күйөөсү, бир тууганы согушка кетип, кан майдандан кайткан эмес. Бүгүн бардыгыбыздын таазим кылып, эскере турган адамдарыбыз бар...

Ардактуу мекендештер!

Дээрлик төрт жылга: 1418 күнгө созулган бул каргашалуу согуштагы жеңиш бизге кымбатка турду. Республикабыздын ар бир алтынчы тургуну согушка катышкан. Үч жүз миңден ашык жоокерлер менен офицерлер майданга аттанган. Алардын ичинен токсон беш миң мекендешибиз майдандан кайтпай калган.

Биз кыргызстандык-жоокерлердин эрдигин, даңазалуу Панфилов дивизиясынын жоокерлери менен командирлеринин каармандыгын эч качан эстен чыгарбашыбыз керек. Дивизиянын жоокерлери 1941-жылы ноябрда Москвага жулунуп келе жаткан фашисттердин жолун бууп, өмүрүн аябай, душманды мекендин жүрөгү - Москвага өткөргөн эмес.

Биз Чолпонбай Түлөбердиев сыяктуу катардагы жоокерлердин эрдигин эстен чыгарууга акыбыз жок. 1942-жылы августта, ал жарадар болсо дагы, жолдошторунун өмүрүн сактап калыш үчүн денеси менен душмандын дзотунун оозун жапкан. Бир нече айдан кийин Чолпонбайдын эрдигин Александр Матросов, кийинчерээк башка советтик жоокерлер кайталаган.

Жетимиштен ашуун кыргызстандык жоокер эң жогорку сыйлыкка – Советтер Союзунун Баатыры деген наамга татыктуу болуп, Алтын Жылдыз тагынган. Талгат Бегельдиновдун, Николай Дмитриевдин, Чолпонбай Түлөбердиевдин, Осмон Якубовдун, Дүйшөнкул Шопоковдун, Даир Асановдун, генерал-майор Панфиловдун жана башкалардын ысымдары кийинки муундардын жүрөгүндө түбөлүккө сакталып кала берет.

Улуу Ата Мекендик согуш жылдары миллиондон ашуун мекендештерибиз кайратмандык менен эмгектенди. “Бардыгы майдан үчүн! Бардыгы Жеңиш үчүн!” деген ураан алардын турмушунун маңызына айланган. Ошол кан күйгөн согуш жылдарында республиканын өнөр жайынын негизи түптөлгөн.  Дал ошол согуш жылдарында жалпы элдик ашар ыкмасында Чоң Чүй каналы кол менен казылган. Жаңы канал жүз миңдеген гектар жерлерге суу берди, жаңы жер аянттары өздөштүрүлдү.

Талааларда жана фермаларда, заводдор менен фабрикаларда аялдар менен карыялар, өспүрүмдөр менен балдар күнү-түнү иштеген. Алардын кайратман эмгеги душманга каршы атылган ок болду. Алар талбаган эмгеги менен тынчтыкты, эркиндикти сактап калууга зор салым кошушту.

Мына ушунун бардыгы - ардактуу ардагерлерибиздин эмгеги. Чоң ата, чоң апаларыбыз, аталарыбыз, энелерибиздин, агаларыбыз жана эжелерибиздин колунан жаралды.

Согуштан кийин да сиздер  талкаланган өлкөнү калыбына келтирүүгө кириштиңер. Бүлүнгөн чарбаларды тартипке келтирип, талкаланган өлкөнү бутуна тургуздуңуздар. Талбаган эмгектин аркасында бүлүнгөндү бириктирип, чачылганды жыйнап, бизге зор мурас калтырдыңыздар. Сиздердин колуңуздардан түптөлгөн  мурас кыргызстандыктардын дагы көп муунуна кызмат кылаары шексиз.  

Мен дагы ошол согуштун ардагеринин уулумун. Мен үчүн дагы бул ыйык майрам. Атам согушта катардагы жоокер катары салгылашкан. Майдандан кайтып келгенден кийин атам ошол каргашалуу согуш жөнүндө айткысы келчү эмес. Бардык жаман нерсе артта калышы керек деп эсептечү. Келечекке, жакшылыкка ишенип, ал үчүн күрөшүш керек дечү.

Ардактуу ардагерлерибиз, сиздердин өмүрүңөр биз үчүн – мекенчилдиктин, өз өлкөсүн сүйүп, ардактоонун, жаратман эмгек аркылуу урпактар үчүн жаркын келечек куруунун үлгүсү.  

Албетте, азыр баягыдай бирдиктүү жана чоң, Советтик Союз деп аталган өлкө жок. Бирок, Россия, башка боордош республикалар менен бирдикте басып өткөн жолубуз, тарыхыбыз – таберик катары биз менен, биздин жүрөгүбүздө түбөлүккө жашай берет.

Бүгүнкү биз бирдикте жетишкен Жеңишибиздин улуу  күнүндө Россиянын Президенти В.В.Путин да сиздерге - кыргызстандык-ардагерлерге жылуу сөз-куттуктоолорун жолдоду.

Кымбаттуу мекендештер!

Тилекке каршы, жыл өткөн сайын Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери менен эмгек каармандарынын катары суюлуп бара жатат. Жыл өткөн сайын эски жараттар козголуп, жылдар өзүнүкүн ала берет  тура. Ошондуктан биз ардактуу ардагерлерибиздин ар бир күнүн камкордукка алып, алардын турмушуна өзгөчө  көңүл бурууга милдеттүүбүз.

Эки жылдан кийин, 2015-жылы Улуу Жеңиштин 70 жылдыгын маарекесин белгилейбиз. Ошол күндү жалпы элдик майрам катары белгилөө жөнүндө президенттик Жарлыкка кол койдум. Жарлыктын алкагында ардагерлерибиздин турмуш шартын жакшыртуу боюнча чараларды камтыган Улуттук программа кабыл алынат жана жүзөгө ашырылат.

Президент катары убада берем - ардагерлерибизди колдоо үчүн  керектүү каражаттар бюджетке киргизилет. Өкмөт менен Жогорку Кеңеш колдоп берет деп ойлойм. Ардагерлерибиз эч нерседен муктаж болбош керек. Арабыздагы ардактуу ардагерлерибиздин көзү тирүү кезинде ыйык парзыбызды аткарууга милдеттүүбүз.

Кымбаттуу мекендештер!

Улуу Жеңиш күнү – элибиздин биримдигинин, ынтымагынын, эркиндикке жана эгемендикке умтулгандыгынын  белгиси. 

Улуу Жеңиш ар бир шаардан, айылдан, көчөдөн, ар бир үйдөн жана үй-бүлөдөн жаралган өлкөбүздөгү тынчтыктын жана туруктуулуктун баалулугун эскертип турат. Аталарыбыздын каарман эрдигин эч качан унутууга биздин акыбыз жок. Өлкөбүздүн келечеги үчүн биз Жеңиш күнүн ардактап, Кыргызстанда тынчтыкты жана бейкуттукту көздүн карегиндей сактоого милдеттүүбүз.

Биз эркин, эгемендүү, гүлдөгөн Кыргызстанды курууга бардык күч-аракетибизди жумшашыбыз керек. Мына ошондо гана кан майданда каза тапкан аталарыбыздын арбагы алдында жүзүбүз жарык болот.

Ардактуу ардагерлер!

Сиздердин – жеңүүчүлөрдүн мууну  бизге калтырган улуу мурас –  Мекенди сүйүү, каармандык жана кайратмандык, эмгекчилдик жана жаратмандык, дайыма жакшылыкка  умтулуу жана жөнөкөйлүк.

Силердин турмуштук бай тажрыйбаңыздар, акыл-насаатыңыздар бизге бардык кыйнчылыктарды жеңүүгө дем берет. Татыктуу жаштарды тарбиялап, күчтүү жана гүлдөп-өнүккөн өлкөнү курууга жол ачат, күч берет.

Кымбаттуу ардагерлер, көп жашагыла!

Ардактуу ардагерлер, согуштун эмгек каармандары!

Улуу Жеңиш күнүндө сиздердин эрдигиңерге таазим кылабыз! Улуу эмгегиңер үчүн терең ыраазычылык билдиребиз!

Сиздер бар – ырысыбыз бар. Биздин бактыбызга көп жашагыла! Бар болгула, аман болгула! Жаңыдан бутуна туруп келаткан Кыргызстандын жакшылыгын көргүлө!

Сиздерге чың ден соолук, бейпил турмуш, бакубатчылык жана узак өмүр каалайм!”

2013-жыл 9-май