Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Куралдуу Күчтөрдү реформалоо боюнча кезектеги жумушчу кеңешме өткөрдү

Бүгүн, 2013-жылдын 13-майында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн реформалоо боюнча экинчи жумушчу кеңешмесин өткөрдү.

2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясына ылайык, өлкөнүн Куралдуу Күчтөрүн башкаруучу бирдиктүү борбор түзүлүүгө тийиш.

Куралдуу Күчтөрдү реформалоо боюнча сунуштар Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин кезектеги кеңешмесинде бекитилиши керек.

Кеңешмеге Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жетекчиси Данияр Нарымбаев, Коргоо кеңешинин катчысы Бусурманкул Табалдиев, коргоо министри Таалайбек Өмүралиев, ички иштер министри Абдулда Суранчиев, өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Бейшенбай Жунусов, ошондой эле Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Токон Мамытов катышышты.

2013-жыл 13-май