Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаев Түркиянын Президенти Абдуллах Гүлгө террористтик актыларга байланыштуу көңүл айтты

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Түркия Республикасынын Президенти Абдуллах Гүлгө 2013-жылдын 11-майында Рейханлы шаарында болгон террористтик актыларга байланыштуу көңүл айтты.

Анда мындай деп айтылган:

“Адам курмандыктарына жана күнөөсүз кишилердин жапа чегишине алып келген Рейханлы шаарында 2013-жылдын 11-майында болгон террористтик актылар жөнүндө азалуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Кыргызстан террористтердин аракеттеринин аёосуздугун жана кара мүртөздүгүн чечкиндүү айыптайт жана терроризмдин дүйнөлүк коркунучу  менен күрөшүүдө эл аралык коомчулуктун жамааттык аракеттерин күчөтүүгө жигердүү катышууга даярдыгын кайрадан тастыктайт.

Курман болгондордун туугандарына жана жакындарына чын дилден көңүл айтуумду жана ушул кылмыштык акциялардын натыйжасында жабыр тарткандарга тезирээк сакайып кетүүнү кааларымды жеткирип коюуңузду өтүнөм”.

 

2013-жыл 13-май