Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев «Казакстан темир жолу» улуттук компаниясынын башкармалыгынын төрагасы Аскар Маминди кабыл алды

Бүгүн, 2013-жылдын 15-майында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Казакстан темир жолу» улуттук компаниясы» акционердик коомунун президенти – башкармалыктын төрагасы Аскар Маминди кабыл алды.

Жолугушууда Кыргызстандан Кытайга чейин темир жол куруунун альтернативалуу долбоору талкууланды.

Президент Алмазбек Атамбаев транспорт жана коммуникациялар министри Калыкбек Султанов менен «Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасынын башкы директору Аргынбек Малабаевге казакстандык өнөктөштөрү менен бирдикте аталган долбоорду ишке ашыруунун мүмкүн боло турган бардык варианттарын талкуулоону тапшырды.

 

2013-жыл 15-май