Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев КМШ мүчө-мамлекеттеринин коопсуздук органдарынын жана атайын кызматтарынын жетекчилеринин Кеңешинин жыйынынын катышуучуларын кабыл алды

Бүгүн, 2013-жылдын 15-майында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев КМШ мүчө-мамлекеттеринин коопсуздук органдарынын жана атайын кызматтарынын жетекчилеринин Кеңешинин 34-жыйынынын катышуучуларын кабыл алды.

“Силердин кеңешме – бул абдан зор мааниге ээ. Коопсуздук маселелери бүгүнкү күндө өтө актуалдуу. Экстремизм, терроризм, радикалдуу диний агымдар. Мунун баары бизди тынчсыздандырбай койбойт”, - деп баса белгиледи Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы КМШ өлкөлөрүнө коопсуздук тармагындагы коркунучтарга каршы күрөшүүгө жардам берген ушундай жолугушууларды өткөрүүнүн маанисин белгиледи.

2013-жыл 15-май