Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Алмазбек Атамбаев: “Энеге карата сый-урмат жана аяр мамиленин салтын сактап, андан ары өркүндөтүү зарыл”

Бүгүн, 2013-жылдын 17-майында, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Энелер күнүнө карата уюштурулган салтанатка жана “Достук кербени” телесынагынын жеңүүчүлөрүнө сыйлык тапшыруу аземине катышты.

Өз сөзүндө Президент салтанаттуу иш-чаранын катышуучуларын быйыл 19-майда белгилене турган Энелер күнү менен куттуктап өттү.

“Эне – үй-бүлөнүн куту. Тарыхыбыздын эң татаал учурларында энелерибиздин акылмандыгы, чыдамкайлыгы жана эмгекчилдиги Кыргызстанды сактап келген”, - деп белгиледи Алмазбек Атамбаев.

Өлкө башчысы Кыргызстанда Энелер күнүн белгилөө – бул аялзатына аяр мамиле жасоо салтын колдоо, үй-бүлөлүк баалуулуктарды бекемдөөдөгү алгачкы кадам экендигин белгиледи. Ошондой эле эне-баланын коопсуз, бакубат турмушуна шарт түзүү, үй-бүлөгө колдоо көрсөтүү жагына олуттуу көңүл бөлүнүшү керектигине токтолду.

“Ушул маселелер мамлекеттик саясаттын негизин түзөт. Президенттин Жарлыгын ишке ашыруу максатында, Өкмөт тарабынан 2012-2015-жылдарга Үй-бүлөнү жана энени колдоо боюнча комплекстүү программасы иштелип чыккан. Совет мезгилинен бери биз “Баатыр эне” наамын сактап келе жатабыз. Бүгүн ушул залда өлкөнүн бардык аймактарынан келген баатыр энелерибиз отурат. Ушул мамлекеттик сыйлыкты алышыңыздар менен куттуктап, мен сиздер аркылуу Кыргызстандын бардык энелерине ыраазычылык билдирем”, - деди Президент.

Мамлекет башчысы ошондой эле энелер үчүн биздин көңүл буруп койгонубуз канчалык маанилүү экенин эскертти. “Бул күнү өз апаңарга барып, куттуктап коюуга аракеттенсеңиздер. Жубайыңызга, эже-карындаш, кыздарыңарга рахматыңарды айтып, мыкты шарт түзүп берсеңиздер. Биздин келечек алардын бактысынан, ден соолугунан жана бакубаттуулугунан көз каранды экенин унутпагыла”, - деп белгиледи Алмазбек Атамбаев.

Андан ары Президент Үй-бүлө, тынчтык, ынтымак жана кечиримдүүлүк жылынын алкагында Кыргызстандагы Бириккен улуттар уюмунун программасынын колдоосу менен Коомдук телерадиокорпорациясы өткөргөн “Достук кербени” аттуу телесынагынын жеңүүчүлөрүн жана катышуучуларын куттуктады. Долбоорду ийгиликтүү ишке ашырган ПРООН менен КТРКнын жетекчилерине ыраазычылык билдирди.

“Ар бир сюжетте чыныгы турмуш, бири-бирине окшошпогон окуялар камтылган. Бирок бардыгын бир өзөк бириктирип турат – ар бириңер үй-бүлөнүн бакубаттуулугу, тынчтык жана биримдик үчүн салым кошуп жатасыздар”, - деп айтты Президент.

Жолугушуунун жыйынтыгында Президент баатыр энелерге мамлекеттик сыйлыктарды жана “Достук кербени” телесынагынын жеңүүчүлөрүнө белектерди тапшырды.

2013-жыл 17-май