Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу тарых илимдерин өнүктүрүү боюнча комиссиянын кезектеги отуруму болуп өттү

2013-жылдын 16-майында Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси Данияр Нарымбаевдин төрагалыгы алдында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу тарых илимдерин өнүктүрүү боюнча комиссиянын кезектеги отуруму болуп өттү.

Отурумдун жүрүшүндө Мамлекет башчысынын “Кыргызстандын элинин тарыхый жана маданий мурастарын окуп-үйрөнүүнү тереңдетүү жана жарандык атуулдукту калыптандыруу боюнча чаралар жөнүндө” 2012-жылдын 27-январындагы Жарлыгынын жүзөгө ашырылышы менен байланышкан маселелер талкууланды. Комиссиянын мурдагы отурумдарында кабыл алынган чечимдердин аткарылышы жөнүндө маалымат угулду.  

Отурумдун катышуучулары ошондой эле Улуу Кыргыз каганатынын 1170 жылдыгына арналып, ноябрда өтө турган Экинчи эл аралык илимий-практикалык конференциянын программасын карашты. Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастары боюнча изилдөө жана басма иштеринин артыкчылыктуу багыттарын аныкташты.

Кыргызстандын тарыхы боюнча мектеп окуулуктарына объективдүү анализ жүргүзүү жана өркүндөтүү максатында көрүнүктүү окумуштуу-тарыхчылардан жана мектеп мугалимдеринен турган жумушчу тобу түзүлдү. 

Маалымат үчүн: Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу тарых илимдерин өнүктүрүү боюнча комиссия Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 25-апрелиндеги Жарлыгына ылайык, Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастары боюнча изилдөөлөрдү ишенимдүү булак таануу базасынын жана тарых илимдерин мындан ары өнүктүрүүнүн негизинде колдоо максатында түзүлгөн. Комиссиянын курамы 24 кишиден: көрүнүктүү окумуштуу-тарыхчылардан, археологдордон жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын өкүлдөрүнөн турат.

2013-жыл 17-май