Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Жер кодексине өзгөртүү жана толуктоо киргизилди

2013-жылдын 16-майында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын Жер кодексине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө» мыйзамга кол койду.

Мыйзамды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши 2013-жылдын 4-апрелинде кабыл алган.

Ал чет өлкөлүк жарандардын жер тилкелерине менчик укуктарынын келип чыгуусунун негиздерин өзгөртүү, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасында коопсуздукту камсыз кылуу жана чек арага жанаша жаткан аймактарындагы жерлерди сактоо максатын көздөйт. 

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>.

2013-жыл 17-май