Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Алмазбек Атамбаев МВФтин директор-тескөөчүсүнүн орун басары Мин Жуну кабыл алды

Бүгүн, 2013-жылдын 21-майында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Эл аралык валюта фондунун директор-тескөөчүсүнүн орун басары Мин Жуну кабыл алды.

Жолугушууда Кыргыз Республикасынын Эл аралык валюта фонду менен өз ара аракетинин негизги өңүттөрү талкууга алынды жана кызматташтыгыбыздын башкы багыттары шардана кылынды.

“Сиздер улуттук валютабыздын мааракеси майрамдалып жатканда келгениңиздер төлгөлүү болду. Анткени улуттук валютабызды киргизүү менен биз көз карандысыздыкка карай башкы кадамдарды таштаганбыз. Ал мезгилде Кыргызстанга көмөк көрсөтүү үчүн МВФ тарабынан кандай көп нерселер жасалгандыгын биз унуткан жокпуз”, - деп белгиледи Мамлекет башчысы.

МВФ тарабынан Кыргызстанга көмөк көрсөтүү жөнүндө айтуу менен Президент мындай деп баса белгиледи: “Биз 2010-жылдын жайындагы окуялардан кийин көрсөтүлгөн жардам үчүн ыраазыбыз. Сиздер Кавказ жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн “Өткөөлдүн жолу жана келечекке карай сапар” деп аталган Эл аралык конференцияга катышканыңыздарды билем. Анда баалардын туруктуулугу, инфляциянын төмөндөшү, экономиканын өнүгүүсүнө жардам кылуу сыяктуу өлкөнү өнүктүрүүнүн башкы багыттары аталды”.

“Биз Кыргызстан ийгиликтүү өткөн Эл аралык конференциянын кошо уюштуруучусу болгондугуна ыраазыбыз. Анда эл аралык каржы институттарынын өкүлдөрү катышты жана регионду өнүктүрүү келечектери талкууланды. Форумда мындай деген башкы тыянак чыгарылды – Кыргызстанда эл жакшы жашоосу үчүн өлкөнү күчтүү кылуу потенциалы бар”, - деп баса белгиледи өз кезегинде  Мин Жу.

Ошондой эле Өлкөнү туруктуу өнүктүрүү үчүн стратегиянын жана өз көз караштын бардыгынын маанилүүлүгүн белгиледи. Тактап айтсак, ал мындай деди: “Сиздерде өлкөнү 2017-жылга чейин өнүктүрүүнү көрө билүү бардыгы жакшы. Бул үмүт арттырат”, - деп белгиледи МВФтин директор-тескөөчүсүнүн орун басары.

Жолугушууда ошондой эле Эл аралык валюта фондунун Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлү Коба Гвенетадзе катышты.

2013-жыл 21-май