Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев КМШ, Балтия жана Грузия өлкөлөрүнүн Башкы редакторлорунун клубунун делегациясы менен жолугушту

Бүгүн, 2013-жылдын 21-майында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев КМШ, Балтия жана Грузия өлкөлөрүнүн Башкы редакторлорунун клубунун мүчөлөрү менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысы башкы редакторлордун суроолоруна жооп берди.

Маалымат үчүн: КМШ, Балтия жана Грузия өлкөлөрүнүн Башкы редакторлорунун клубу 2011-жылы Астанада Европа жана Азия медиасынын форумунда түзүлгөн. Түзүм постсоветтик мейкиндиктеги мамлекеттердин жетектөөчү басылмаларынын башкы редакторлорун бириктирет жана ЖМК жетекчилерине жана журналисттерге постсоветтик мейкиндиктеги интеграция жана өнүгүү процесстерин тааныштырууну максат кылат.

2013-жыл 21-май