Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Азия өнүктүрүү банкынын Вице-президенти Сяоюй Чжаону кабыл алды

Бүгүн, 2013-жылдын 22-майында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Азия өнүктүрүү банкынын Вице-президенти Сяоюй Чжаону кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстанда ири инфраструктуралык долбоорлорду жүзөгө ашыруу боюнча Азия өнүктүрүү банкы менен кызматташуу маселелери талкууланды.

“Менин азыркы келишимдин максаты АӨБ Кыргыз Республикасы менен өнүгүү боюнча өнөк катары кызматташууга толук чечкиндүү экендигин дагы бир ирет тастыктоо. Сиздер бизде АӨБдүн жаңы президенти шайланганын билесиздер, ал сиздердин өлкө менен кызматташууга чоң маани берет”, - деп белгиледи Сяоюй Чжао.

Мамлекет башчысы Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин акыркы отурумунда маанилүү долбоорлор каралгандыгын жана Кыргызстанды 2017-жылга чейин туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук стратегиянын инвестициялык долбоорлорунун тизмесине өлкөнүн түндүк жана түштүк региондорун бириктирүүчү альтернативалуу автомобиль жолун куруу долбоору киргизилгендигин маалымдады.

Президент Кыргызстан АӨБ менен ири инфраструктуралык долбоорлорду жүзөгө ашыруу боюнча кызматташууга кызыгдар экендигин белгиледи. Өз кезегинде, Сяоюй Чжао АӨБ менен Кыргызстан ири инфраструктуралык долбоорлорду жүзөгө ашырууда ийгиликтүү тажрыйбага ээлигин жана бул багытта иштөөгө даяр экендиктерин айтты.

Ошондой эле Сяоюй Чжао Кыргызстан туризмди өнүктүрүү боюнча чоң потенциалга ээ экендигин баса көргөздү жана АӨБдүн бул багытта колдоого даяр экендигин белгиледи.

Жолугушууда ошондой эле Азия өнүктүрүү банкынын Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлү Рие Хираока катышты.

2013-жыл 22-май