Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тарых музейинин жаңы экспозициясынын долбоорун иштеп чыккандарды кабыл алды

Бүгүн, 2013-жылдын 23-майында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Мамлекеттик тарых музейинин жаңы экспозициясынын долбоорун иштеп чыккандардын тобун кабыл алды. Жолугушууга Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри Султан Раев дагы катышты.

Мамлекет башчысын Мамлекеттик тарых музейинин эскиздик долбоору жана кайра куроонун макети менен тааныштырышты. Жаңы экспозициянын концепциясы Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министрлигинин демилгеси боюнча музейдин адистери жана Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын окумуштуулары менен бирдикте иштелип жатат.

Макетти карап көрүп, Алмазбек Атамбаев жасаган иштери үчүн архитекторлор менен окумуштууларга ыраазылыгын билдирди. Президент ошондой эле жаңы экспозиция заманбап талаптарга жооп берүүгө зарыл экендигин белгиледи. Ошону менен бирге Мамлекет башчысы экспозициянын концепциясы боюнча өз сунуштарын киргизди жана долбоорду толуктап иштеп чыгууну тапшырды.

“Чоң иш жасалып жаткан экен. Бул жерде концепция бүтүндүгү болууга  тийиш. Кыргызстан эли өз тарыхын билиши керек. Болгон ишти болгондой көрсөткөн оң. Элдин кызыгуусун  жараткыдай кылыш  керек. Кыргызстандыктар өз элинин, өз мамлекетинин тарыхын билүүгө мүмкүнчүлүк  алууга тийиш”, - деп баса белгиледи Президент.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри Султан Раевге талкууну улантуу, ошондой эле долбоорду толуктап иштеп чыгып, кийинчерээк аны  менен тааныштыруу тапшырмасын берди.

 

2013-жыл 23-май