Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Алмазбек Атамбаев: “Мыйзамсыз акциялардын уюштуруучулары сөзсүз жазага тартылышы керек”

Бүгүн, 2013-жылдын 31-майында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев өлкөнүн күч органдары менен кеңешме өткөрдү.

Мамлекет башчысы Кум-Төр кенине автожолду тосууга жана төрт чек ара заставасына жана өлкөнүн эң ири өнөр жай ишканасына электр энергиясын берүүнү токтотууга алып келген жагдайларды кылдат изилдеп чыгууну камсыз кылууну тапшырды. “Мыйзамсыз акциянын бардык катышуучулары алардын аракеттери Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугуна коркунуч жараткандыгын жана өлкөнүн экономикасына олуттуу зыян алып келгендигин эске алуу менен адилет жазасын алышы керек”, - деп белгиледи Алмазбек Атамбаев. Бош кыртыштын жылып туруусун эске алганда Кумтөрдө иштердин токтоп калуусу кен чыккан жерде олуттуу экологиялык кыйроого алып келет.

“Бул акциянын уюштуруучулары менен катышуучуларынын кылмыштуу аракеттери Кыргызстандын бюджетинин аткарылышын коркунучта калтырды. Кумтөрдүн токтоп калуусу бюджеттин киреше бөлүгүнөн 6 миллиард сомго чейин түшүп калуусуна алып келүүсү мүмкүн. Бул болсо өлкөнүн жана социалдык фонддун бюджеттерин секвестрлөө зарылчылыгын билдирет, ал эми бул пенсиялар менен эмгек акыларды төлөөнү кыйындайт дегенди түшүндүрөт. Ушунун бардыгы үчүн карөзгөйлөр мыйзамдын катаал талаптары боюнча жооп берүүлөрү керек. Башкы прокуратуранын жана башка укук коргоо органдарынын милдети – мыйзамды бузгандарды сөзсүз жазага тартууну камсыз кылуу”, - деп айтты Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаев.    

2013-жыл 31-май