Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Алмазбек Атамбаев: “Балдар - ата-энелер үчүн жана өлкө үчүн эң баа жеткистер ушулар”

Бүгүн, 2013-жылдын 31-майында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Президентинин Кубогуна шахматтык турнирдин жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземине катышты.

Балдар – шахматчылар, тренерлер жана ата-энелер менен амандашып, Мамлекет башчысы шахмат – бул спорттун өзгөчө түрү экендигин белгиледи. Оюн мүнөздү жана рух күчүн чыңдайт, алдыга койгон максатка жетүүгө үйрөтөт.

“Шахмат адамды ойлонууга үйрөтөт, эгерде бала кичинекей кезинен шахмат менен алпуруша баштаса, бул ага турмушта абдан жардам берет. Мен шахматты абдан жакшы көрчүмүн, азыр да жакшы көрөм. Мүмкүн, ушул оюндун аркасында мен Президент болдум. Шахмат ойноо турмушка абдан окшош. Шахматта саясаттагыдай. Жеңүү үчүн туура чечимдерди кабыл алуу керек. Бул жол башчылардын, кол башчылардын оюну. Эгерде силер шахмат ойносоңор, силер көп нерсеге жетишесиңер”, - деп айтты Алмазбек Атамбаев.

Президент Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Дастан Бекешевге бул шахмат турнирин өткөрүү демилгеси үчүн ыраазылык билдирди. Мамлекет башчысы ошондой эле шахматчы балдардын тренерлери менен ата-энелерине ыраазылык билдирди.

“Мен сиздерге абдан чоң алкыш айткым келет. Өз балдарыңарга шахмат үйрөткүлө. Турмушта мунун абдан кереги тийет. Кыргызстанда шахматчылар канча көп болсо, бизде ошончо интеллектуалдык потенциал өсөт. Бул мектептерде факультатив катары киргизилиши зарыл болгон оюн”, - деп белгиледи Президент.

Ошондой эле Мамлекет башчысы салтанаттуу иш чаранын катышуучуларынын көңүлүн ата-энелердин балдар алдындагы жоопкерчилигине бурду жана балдарга карата көбөйүп кеткен зомбулук учурларына кабатырлангандыгын билдирди.

“Өлкөдө абдан коркунучтуу кырдаал түзүлдү. Балдарга карата педофилиянын жана зомбулуктун шумдуктуу фактылары балдарды майып кылганга дити барган мындай “айбандарга” коомубузда орун болбошу керек экендигин айтып турат. Аларга бул жерде орун жок. Алар катуу жазаланууга тийиш. Балдар – бул эң башкысы. Силер – ата-энелер үчүн жана өлкө үчүн эң баа жеткис нерсесиңер. Силер – мамлекеттин келечегисиңер. Биз өз балдарыбызды коргоп жана бардыгын балдарыбызга берүүбүз керек. Мен бала чагынан ушундай ийгиликтерин жараткан балдарды көргөндө Кыргызстандын улуу келечеги бар экендигин түшүнөм”, - деп жыйынтыктады Президент.

Андан ары Алмазбек Атамбаев он тогуз жеңүүчүгө кубоктор менен планшеттерди тапшырды. Турнирде бардыгы алтыдан он эки жашка чейинки 109 бала катышкан.

2013-жыл 31-май