Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Токон Мамытов кызматынан бошотулду

Бүгүн, 2013-жылдын 1-июнунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кол койгон жарлыкка ылайык, Мамытов Токон Болотбекович башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагалыгынан бошотулду.

Ушул эле жарлык менен Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын орун басары Усубалиев Таалайбек Кадыркуловичке Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын  милдетин аткаруу убактылуу жүктөлдү.

 

2013-жыл 1-июнь