Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргызстандын Президенти Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы өзгөчө абалды алып салды

Бүгүн, 2013-жылдын 3-июнунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев өлкөнүн укук коргоо органдарынын жетекчилери менен кеңешме өткөрдү.

Мамлекет башчысы Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы өзгөчө абалды  алып салуу чечими жөнүндө маалымдады. Мындай чечим жагдайдын нормалдашканына байланыштуу жана Жети-Өгүз районунун коменданты Б.Б.Жусубалиевдин, Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин катчысы Б.Б.Табалдиевдин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ыйгарым укуктуу өкүлү Т.Б.Мамытовдун тиешелүү сунуштарынын негизинде кабыл алынган.

Өлкөнүн Президенти  мындан ары бул сыяктуу  окуяларга жол бербеш үчүн мамлекеттик бийлик органдары жана  жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары региондун социалдык-экономикалык маселелерин чечүү, ошондой эле жаштарды укук бузууга түрткөн адамдардын сөзсүз жазага тартылышын камсыз кылуу боюнча өз учурунда  чара көрүүсү зарыл деп эсептейт.

Кеңешменин жүрүшүндө укук коргоо органдарынын жетекчилеринин  Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарындагы жана Сузак районунун Барпы айылындагы абал жана  аны  жөнгө салуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалыматтары угулду.

“Азырынча   митингчилерге карата күч колдонуудан алыс болгон оң. Бирок, уюштуруучулардын жана катышуучулардын  бардык мыйзамга каршы аракеттерин каттап, документтештирип коюш керек. Анткени  алар он миңдеген кыргызстандыктардын укуктарын чектеп, өлкөнүн экономикасына олуттуу зыян келтирүүдө. Айыптуулар  мыйзамга ылайык  сөзсүз жазага тартылууга тийиш. Мыйзам бузгандардын бардыгы жазасын алыш керек”,- деп баса көрсөттү Президент Алмазбек Атамбаев.

 

2013-жыл 3-июнь