Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратында мамлекеттик тилдин ролун жогорулатуу боюнча кеңешме өткөрүлдү

Кечээ, 2013-жылдын 3-июнунда, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратында мамлекет башчысы тарабынан бекитилген элдин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо Концепциясын ишке ашыруунун алкагында мамлекеттик тилдин бириктирүүчү жана интеграциялоочу ролун жогорулатуу маселелери боюнча кеңешме өткөрүлдү.

Тактап айтканда,  жарандардын укуктарын кысымга албастан, кайсы этностун өкүлү болбосун бардык кыргызстандыктар үчүн кыргыз тили бириктирүүчү болуп калышына жетишүү тууралуу кеп кылынды. Ошол эле учурда өлкөнүн  Конституциясы Кыргызстандын жарандары үчүн мамлекеттик кыргыз тилинен тышкары расмий орус тилин дагы эркин пайдаланууга шарттарды карайт. Ал эми жогоруда аталган Президенттин Концепциясы кошумча түрдө англис же дүйнөдөгү дагы бир тилди билүү аркылуу кыргыз жаштарынын атаандашууга жөндөмдүүлүгүн арттырууга багытталган.

Президенттин Аппаратынын этностор, диний саясаты жана жарандык коом менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы Мира Карыбаеванын пикири боюнча аталган милдеттердин ичинен бүгүнкү күндө мамлекеттик кыргыз тилин өнүктүрүү маселелери абдан курч коюлууда. Кеп төркүнү  кыргыз тилин окутуу методикасын өркүндөтүү, тесттердин жардамы менен  мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо системасын ишке киргизүү, Кыргызстандын жарандарын  мамлекеттик тилди окутуу үчүн шарттарды түзүү  туурасында жүрүп жатат.

Билим берүү жана илим министри Канат Садыков заманбап окуу китептери, окуу жайлары үчүн кыргыз тилинин методикалык колдонмолору даярдалып, ошондой эле  мамлекеттик тилди билгендигин бланкалар жана компьютер аркылуу тесттен өткөрүүнүн системасы иштелип жаткандыгы тууралуу маалымдады.

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Эгемберди Эрматов кыргыз тилинин бириктирүүчү ролун өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду үзгүлтүксүз ресурстар менен камсыз кылуунун зарылчылыгын баса белгиледи.

Кеңешменин катышуучулары мамлекеттик тилдин бириктирүүчү ролун жогорулатуу боюнча мамлекеттик органдар, эксперттер жана жарандык коом тарабынан сунушталган конкреттүү чараларды талкууга алышты. Тактап айтсак, окуу китептерин жана окуу колдонмолорун басып чыгарууну каржылоонун этаптары жана шарттары, методологияларды иштеп  чыгуу  жана бекитүү, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин  кыргыз тилин билүүсүн тесттен өткөрүүнүн, окутуучу телекөрсөтүүлөрдү уюштуруунун акылга сыярлык мөөнөтүн белгилөө тууралуу. 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын мамлекеттик тилдин ролун жогорулатуу каралган бөлүмүн ишке ашырууда  бардык тиешелүү мамлекеттик жана жеке түзүмдөрдүн тыгыз жана өндүрүмдүү кызматташуусун камсыз кылуунун мааниси баса белгиленди.

Кеңешмеге Президенттин Аппаратынын, Өкмөттүн Аппаратынын, финансы министрлигинин, билим берүү жана илимдер министрликтеринин жооптуу кызматкерлери дагы катышышты.

2013-жыл 4-июнь