Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаевди кабыл алды

Бүгүн, 2013-жылдын 4-июнунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаевди кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Россиянын Президенти Владимир Путиндин өткөн жылдын күзүндөгү расмий сапары учурунда кол коюлган Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы макулдашууну жүзөгө ашыруунун алкагында Жогорку-Нарын ГЭС каскадынын курулушунун башталышына даярдыктын жүрүшү талкууланды.

Президент Алмазбек Атамбаев Осмонбек Артыкбаевге Нарын дайрасында жаңы гидроэлектростанцияларды куруу долбоорун өз учурунда жүзөгө ашыруу боюнча россиялык өнөктөр менен тыгыз иштөөнү тапшырды.

2013-жылдын 12-июнунда Жогорку-Нарын ГЭС каскадынын курулушунун башталыш аземин өткөрүү болжолдонууда. Кыргызстан үчүн маанилүү бул долбоордун түздөн-түз курулуш иштер фазасына өткөндүгүн билдирет. Белгилүү болгондой, келечектеги ГЭСтердин ордуна капсула салуу 2012-жылдын 27-октябрында  Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда болуп өткөн.

2013-жыл 4-июнь