Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

АКШнын Президенти Барак Обамадан ыраазылык кат келди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин дарегине Америка Кошмо Штаттарынын Президенти Барак Обамадан АКШнын учкучтарынын курман болгондугуна байланыштуу көңүл айтуусу үчүн ыраазылык кат келди.

Анда мындай деп айтылат:

 “Урматтуу мырза Президент,

Сизге 3-майда Бишкектен алыс эмес жерде КС-135 АКШ ААК аба кемесинин кыйрашынын натыйжасында курман болгон АКШнын үч учкучун трагедиялуу жоготууга байланыштуу көңүл айтуу сөздөрүңүз жазылган катыңыз үчүн ыраазылык билдирем. 

Мен сиздердин Өкмөткө куткаруу иштери учурунда көрсөткөн колдоосу үчүн жана авиакырсыктын себептерин аныктоо максаттарында АКШнын эксперттери жүргүзгөн толук иликтөөнүн алга жылышына өбөлгө болгон Сиздин күч-аракетиңиз үчүн ыраазылык билдирем. Бул кыйроонун себептерин тактоо набыт болгондордун үй-бүлөлөрү үчүн жана келечекте мындай трагедияларды болтурбоо үчүн да маанилүү.

Кыргызстан “Манаста” Транзиттик Боборду жайгаштыруунун аркасында акыркы 11 жыл бою Афганистанда тынчтыкты жана туруктуулукту орнотуу боюнча биргелешкен күч-аракеттерде Кошмо Штаттардын ишенимдүү өнөгү болуп келди. Америка элинин атынан мен бул маанилүү озуйпаны аткаруудагы сиздердин өлкөнүн баа жеткис салымы үчүн терең ыраазылык билдиргим келет.

Кыргызстан эли демократия жолун тандап алып, алысты көрө билген чечим кабыл алды. Демократияны куруу процесси жеңил эмес болушу мүмкүн, бирок тарых элдин эркин чагылдырган Өкмөт тынчтыктын жана коопсуздуктун мыкты гаранты болорун далилдеди. Мен Сиздерди Кошмо Штаттар сиздердин өлкөдө гүлдөп-өнүккөн, бейпил жана демократиялуу келечекти куруу ишиндеги Сиздердин күч-аракетиңиздерге колдоо көрсөтүүнү жактарыбызга ишендиргим келет.

Чын дилден Сиздин

Барак Х. Обама”

 

2013-жыл 4-июнь