Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаев Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпинге Цзилинь провинциясында болгон өрткө байланыштуу көңүл айтты

 

Бүгүн, 2013-жылдын 4-июнунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпинге Цзилинь провинциясында болгон өрткө байланыштуу көңүл айтуу жөнөттү.

Анда мындай деп айтылат:

“Улуу Урматтуу,

Дэхуэй шаарынан алыс эмес жерде жайгашкан Цзилинь провинциясындагы заводдо болгон өрттүн натыйжасында көп сандаган курмандыктар жөнүндөгү кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Курман болгондордун туугандарына жана жакындарына чын дилден көңүл айтуумду жана жабыр тарткандардын бардыгына тезирээк сакайып кетүүлөрүн каалаганымды жеткирип коюуңузду өтүнөм.

Терең кайгыруу менен,

Алмазбек Атамбаев”

 

2013-жыл 4-июнь