Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Бусурманкул Табалдиев Кыргызстандын УКМКнын төрагасы болуп дайындалды

Бүгүн, 2013-жылдын 5-июнунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин кол койгон жарлыгына ылайык, Табалдиев Бусурманкул Беркутович мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы болуп дайындалды.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын коргоо Кеңешинин катчысынын милдеттерин убактылуу аткаруу Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Табалдиев Бусурманкул Беркутовичке жүктөлдү.

Президенттин дагы бир Жарлыгына ылайык, башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Жунусов Бейшенбай Мамбетөмүрович Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын кызматынан бошотулду.

2013-жыл 5-июнь