Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Илья Клименко КМШ Экономикалык кеңешине караштуу Экономикалык маселелер боюнча комиссияда Кыргызстандын ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды

Бүгүн, 2013-жылдын 5-июнунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кол койгон жарлыкка ылайык, Клименко Илья Петрович Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Экономикалык кеңешине караштуу Экономикалык маселелер боюнча комиссияда Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.

2013-жыл 5-июнь