Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Шамиль Атаханов Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин кызматынан бошотулду

Бүгүн, 2013-жылдын 6-июнунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Ш.Е. Атаханов жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 87-беренесинин 1-бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык мындай деп токтом кылынат:

Атаханов Шамиль Есенжановичтин Кыргыз Республикасынын Өкмөт мүчөсүнүн кызматынан кетиши кабыл алынсын жана Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин кызматынан бошотулсун.

2013-жыл 6-июнь