Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаев финансы министрин кабыл алды

Бүгүн, 2013-жылдын 7-июнунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын финансы министри Ольга Лаврованы кабыл алды.

Жолугушууда 2013-жылга өлкө бюджетин аткаруу маселелери талкууланды. Президент социалдык чөйрөлөрдүн кызматкерлеринин эмгек акысын өз учурунда каржылоонун, ошондой эле инфраструктуралык долбоорлорду жүзөгө ашыруунун маанилүү экендигин баса белгиледи.

Мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев каржы министрине өлкөдө туруктуулукту жана мыйзамдуулукту камсыз кылуу үчүн укук коргоо органдарын зарыл каржылоо менен камсыз кылууну тапшырды.

 

2013-жыл 7-июнь