Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев «Азаттык» радиосун 60 жылдык мааракеси менен куттуктады

Бүгүн, 2013-жылдын 7-июнунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Азаттык» радиосун 60 жылдык мааракеси менен куттуктады.

Куттуктоонун тексти:

“Урматтуу “Азаттык” радиосунун жамааты!

Сиздерди Азаттык” радиосунун60 жылдык мааракеcи менен куттуктайм!

“Азаттык” радиосу Кыргызстанда сөз эркиндигин өнүктүрүүгө, адам укугун коргоого, демократия институттарынын калыптанышына олуттуу салым кошту.

Кыргызстанда “Азаттыктын” бөлүмү ачылганына 20 жылдан ашты. Ушул мезгилдин аралыгында радио элибиз үчүн эң жеткиликтүү жана ишенимдүү маалымат булагына айланды.

Кыргызстанда авторитардык, үй-бүлөлүк бийлик күч алып, сөз эркиндигин муунтуп, журналисттерди куугунтуктап, сабап, ал тургай көзүн тазалап турган мезгилде, “Азаттык” радиосу тайманбай чыркыраган чындыкты элге жеткирип турду. 

Мындан ары да миллиондогон кыргыз угармандарыңарга калыстык, тең салмактуу принципти сактоо менен өз кызматыңарды мыкты аткара бересиңер деп терең ишенем.

Жооптуу ишиңиздерге ийгилик, ар бириңиздерге чың ден соолук, бакыт-таалай, Кыргызстаныбызга тынчтык жана биримдик  каалайм!

Кыргыз Республикасынын

Президенти                                                                         Алмазбек Атамбаев”

2013-жыл 7-июнь