Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Алмазбек Атамбаев: “Кыргызстан элинин биримдиги - эң актуалдуу милдет”

Бүгүн, 2013-жылдын 10-июнунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасында Эл биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо Концепциясын жүзөгө ашыруу боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү.

Президент жакында Кыргыз Республикасынд Эл биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо Концепциясы бекитилгендигин, ал өлкөнүн Коргоо кеңеши тарабынан жактырылгандыгын белгиледи. Өкмөт Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик түздү.

“Биздин башкы максатыбыз улуттук биримдикти камсыз кылуу болуп саналат. Мыйзамдык базаны өркүндөтүү, этностор аралык жана тил саясатын жүзөгө ашыруу үчүн бийликтин жооптуу органдарын жана борбордо, региондордо жана жергиликтүү деңгээлде зарыл инфраструктураларды түзүү боюнча иш башталды”,- деп айтты Мамлекет башчысы.

Кеңешмеде ошондой эле этностор аралык мамилелерди чыңдоо, теңдештирилген жана майнаптуу тил саясатын жүргүзүү, жалпы жарандык бирдейликти калыптандыруу боюнча узак мөөнөттүү чаралардын маселелери да талкууланды.

Кеңешменин ишине ыйгарым укуктарына Концепцияны жүзөгө ашыруу милдети  кирген мамлекеттик бийлик органдарынын жетекчилери катышты.

2013-жыл 10-июнь