Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамга карата каршы пикир жөнөттү

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине 2013-жылдын 25-апрелинде кабыл алынган “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карата каршы пикир жөнөттү.

Каршы пикирде мындай деп айтылат:

Кабыл алынган Мыйзам менен Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс 505-19-беренеден турган “Мамлекеттик тил жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чөйрөсүндөгү администрациялык укук бузуулар” деген 355-глава менен толукталган. Бул берене менен жеке жактардын, кызмат адамдарынын, ошондой эле юридикалык жактардын мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамдардын жоболорун бузгандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн администрациялык жоопкерчилик киргизилген.

Белгиленген берене ошол беренеде каралган санкциялар колдонулушу мүмкүн болгон ачык-айкын аракеттерди же аракетсиздиктерди таасын көрсөтпөстөн өтө кеңири баяндалгандыгын белгилей кетүү зарыл. Беренени кабыл алынган редакциясында баяндоо аны ээн-эркин чечмелөөгө алып келет жана аны колдонууда бир кыйла талаш-тартыштарды жаратат.

Андан тышкары, кабыл алынган Мыйзам менен жогоруда аталган санкцияларды колдонуу боюнча ыйгарым укуктар жүктөлө турган орган же кызмат адамы аныкталган эмес.  

Мыйзамдын 2-беренесинин 1-бөлүгү менен “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Мыйзамдын 1-беренесинин 4-бөлүгүн жаңы редакцияда баяндоо сунуш кылынган: “Кыргыз Республикасы Кыргызстандын элин түзгөн бардык этностордун өкүлдөрүнө эне тилин сактоо, аны үйрөнүү жана өнүктүрүү укугуна кепилдик берет.” Муну менен бирге ушул берененин колдонуудагы редакциясынан Кыргыз Республикасынын этностордун эне тилин үйрөнүү жана өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү милдеттенмеси алып салынган. Бирок, Конституциянын
10-беренесинин 3-бөлүгү Кыргыз Республикасы Кыргызстан элин түзгөн бардык этностордун өкүлдөрүнө эне тилин сактоо, аны окуп-үйрөнүү жана өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү укугуна кепилдик бере тургандыгын белгилеген. Ошентип, бул берененин колдонуудагы редакциясы Конституциянын ченемдерине толук ылайык келет жана сунуш кылынган түзөтүүлөрдү киргизүү үчүн негиздер же зарылчылык жок.

Андан да белгиленген беренени жаңы редакциясында кабыл алуу Конституциянын 20-беренесинин 1-бөлүгүнүн Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин жокко чыгаруучу же кемсинтүүчү мыйзамдар кабыл алынбашы керек экендиги жөнүндө талабын, ошондой эле Конституцияда каралгандан башка максаттарда жана андан ашкан даражада укуктарга жана эркиндиктерге мыйзам менен чектөө коюлушу мүмкүн эмес деген ушул берененин 3-бөлүгүн бузат. 

Кабыл алынган Мыйзамдын 2-беренесинин 2-бөлүгү “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүн Кыргыз Республикасынын аймагында мамлекеттик тилдин иштеши башка тилдердин пайдаланылышына жолтоо болбой тургандыгын аныктаган жаңы редакцияда баяндайт. Ошентип, республикада башка тилдерди пайдалануу укугунун өлкөнүн аймагына байланыш жокко чыгарылган. Бир караганда байкалбастай көрүнгөн өлкөнүн аймагында башка тилдерди пайдалануу укугунан аймагын көрсөтпөстөн ал укуктарды жөн гана эске алып коюуга басым жасоо башка тилдерди алып жүрүүчүлөрдө алардын тилдерин Кыргызстандын аймагынан сүрүп чыгаруу сезимин пайда кылууга жөндөмдүү. Юридикалык көз караштан алганда бул ченемдин колдонуудагы редакциясы Кыргыз Республикасынын аймагында мамлекеттик тилдин жана башка тилдердин иштөө мүмкүнчүлүгүн кыйла так аныктайт, ушундан улам аны өзгөртүүнү максатка ылайыксыз деп эсептейм.

Мыйзамдын 2-беренесинин 3-бөлүгү менен “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына мамлекеттик тилди билүүгө милдеттүү болгон кызмат адамдарынын тизмесин кыйла кеңейткен түзөтүү киргизилген. Алсак, ал түзөтүүгө ылайык Президент, Жогорку Кеңештин Төрагасы, Премьер-министр, Жогорку соттун жана Жогорку соттун Конституциялык палатасынын төрагалары менен катар: Өкмөт мүчөлөрү жана алардын орун басарлары, статс-катчылар, администрациялык ведомстволордун, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери жана алардын орун басарлары мамлекеттик тилди билүүгө милдеттүү. Ошондой эле алардын бардыгы мамлекеттик тилди билүү предметине сынактан өтүүгө милдеттүү экендиги белгиленген.

Көрсөтүлгөн өзгөртүү Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келет жана саясый, укуктук, уюштуруу жана психологиялык мүнөздөгү бир катар маселелерди жаратат.

1) Бул ченем Конституция менен белгиленген адамдын укуктары менен эркиндиктеринин кепилдигин чектейт. Алсак, Конституциянын 16-беренесинин 2-бөлүгү менен эч ким жынысы, расасы, тили боюнча кодулоого алынышы мүмкүн эмес экендиги аныкталган. Ошондой эле Конституциянын 52-беренесинин 4-бөлүгү жарандарга мамлекеттик жана муниципалдык кызматка кирүүдө, мыйзамда каралган тартипте кызматка көтөрүлүүдө бирдей укуктарды, бирдей мүмкүнчүлүктөрдү берет.

2) Ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын жетекчилерине карата бул ченемди колдонуу ал кызмат орундары шайлануучу болуп саналгандыгын эске албагандыгын, ал эми ал кызмат орундарына шайлоо процесси катуу эрежелер, ал түгүл санкциялар менен шартталгандыгын көңүлгө алуу керек (“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамдын 43, 49-беренелери). Тилди билүү жана сынак тапшыруу жөнүндө талаптар жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын жетекчилигин калыптандыруу процессин негизсиз создуктурууга алып келет жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамда аткаруучу органдын жетекчисин мыйзамда белгиленген мөөнөттө шайлабай коюу тийиштүү жергиликтүү кеңешти таркатуу үчүн негиз болуп саналарын белгилеген ченемдери менен айкалышта жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин бузууга жөндөмдүү болот.

3) Андан тышкары, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” (5, 8-беренелер), “Мамлекеттик кызмат жөнүндө” (14-берене), ошондой эле “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” (42, 48-беренелер) мыйзамдарда каралган башка кызмат орундарына шайлоонун, дайындоонун тартиби талапкерлерге мамлекеттик тилди милдеттүү түрдө билүү талабын, ошондой эле аларды шайлоодо, дайындоодо мамлекеттик тилди билгендигине сынак тапшыруу шарттарын белгилеген эмес. Ошентип, бул ченем “Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамдын 24-беренесинин 2-бөлүгүн бузуу менен кабыл алынган, ага ылайык: “эгерде ченемдик укуктук актыны колдонуу үчүн башка ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү зарыл болсо, ченемдик укуктук актынын киргизилүүчү долбооруна ушундай өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилүүчү башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлору тиркелүүгө тийиш”. Демек, башка колдонуудагы мыйзамдар менен тийиштүү түрдө шайкеш келтирилмейинче кабыл алынган Мыйзам  өз максатына жетпей калат. Муну менен бирге мындай шайкеш келтирүү бир учурда жасалууга тийиш, анткени адамдын жана жарандын укуктарынын (саясый жана экономикалык да, жарандык да укуктарына) комплексине тиешелүү жана андай шайкеш келтирүүсүз укуктук вакуум жол берилгис нерсе экендигин өзгөчө белгилейм.

4) Мамлекеттик тилди билүү предметине сынактан өтүү милдетин белгилөө тилди билүү деңгээлине калыс, адилеттүү баа берүү үчүн зарыл методология жана техникалык мүмкүнчүлүктөр менен камсыз кылынууга тийиш. Азыркы учурда ал үчүн шарттар түзүлгөн эмес.

 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Мыйзамдын 10-беренесине киргизилген түзөтүүлөр менен Кыргыз Республикасында мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик уюмдардын жана ишканалардын расмий документтери, ченемдик-укуктук актылары жана башка чечимдери мамлекеттик тилде даярдалып жана кабыл алына тургандыгы жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда ченемдик-укуктук актылар расмий тилге которулуп жана эки тилде жарыялана тургандыгы белгиленген.

Ошону менен бирге “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамдын 26-беренесине ылайык ченемдик укуктук актылар мамлекеттик жана расмий тилдерде кабыл алынат. Тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин аймагында мамлекеттик тилди билген адамдардын көпчүлүгү жашаган шарттарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын тиешелүү чечими болгондо жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү өкүлчүлүктүү органынын ченемдик укуктук актысынын мамлекеттик тилде гана кабыл алынышына жол берилет. Андан тышкары, “Расмий тил жөнүндө” Мыйзамды колдонуу чөйрөсүнө кирип кетүү орун алган, ага ылайык ушундай эле талаптар ченемдик укуктук актыларга (7-берене) коюлган.

 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Мыйзамдын 11-беренесине киргизилген түзөтүүлөр менен мамлекеттик тилде өткөрүлгөн мамлекеттик расмий, коомдук-саясый иш-чараларды (курултайлар, сессиялар, конференциялар, жыйналыштар, кеңешмелер, сүйлөшүүлөр жана башка иш-чаралар) расмий тилге удаалаш которуунун милдеттүүлүгү жокко чыгарылган. Андай иш-чараларга көп учурда ар башка этностордун, чет өлкөлүк делегациялардын өкүлдөрү катыша тургандыгын эске алганда мындай ченем алардын өлкөнүн коомдук-саясый турмушуна катышуусунун натыйжалуулугун чектеши мүмкүн. Ушуга байланыштуу, ошондой эле Конституциянын 10-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасында расмий тил катары орус тили колдонула тургандыгын эске алсак, мындай түзөтүүнү кабыл алуу максатка ылайыксыз деп эсептейм.

Мыйзамдын 2-беренесинин 8-бөлүгү менен “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Мыйзамдын 27-беренесине көрнөктөрдүн, жарнактардын, кулактандыруулардын, прейскуранттардын, көрүнөө маалыматтардын тексттерин мамлекеттик тил боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын макулдугу менен мамлекеттик тилде таризделишин караган түзөтүү киргизилген.

1) Бул ченем ар ким маалыматты эркин алуу жана жайылтуу укугуна ээ экендигине кепилдик берген Конституциянын 33-беренесинин 1-бөлүгүнө карама-каршы келет.

2) Андан тышкары, бул ченем ишкердик ишти жөнгө салууга багытталган, ошондуктан Мыйзам “Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамдын 19-беренесинин талаптарына ылайык жөнгө салуу таасирине талдоодон өтүүгө тийиш.

3) Аталган талапты жүзөгө ашыруу шарттары жана тартиби да түшүнүксүз. Аймактык бөлүмчөсү жок ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган алыскы аймактардагы ишкерлерге кулактандырууларды, прейскуранттарды тариздөөгө кантип макулдугун бере алат деген суроо жоопсуз калууда. Ошентип, ишкердик жүргүзүүгө кошумча бөгөттөр гана түзүлүүдө, бул ишкердикти колдоонун жана өнүктүрүүнүн мамлекеттик программаларына ылайык келбейт.

Жалпысынан мамлекеттик тилди өнүктүрүү зарылчылыгын колдоп, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын мамлекеттик тилди жакшы билишине коюлган талаптын тууралыгын моюнга алуу менен бирге мамлекеттик тилди билүүгө дем берген жана аны үйрөнүү үчүн шарттарды түзгөн чараларды кабыл алуу аркылуу тийиштүү талаптар менен ченемдерди акырындык менен киргизүү кыйла туура болоор эле деп эсептейм.  

Жогоруда баяндалгандардын негизинде “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ушул редакцияда жана башка ченемдик-укуктук актылар менен шайкеш келтирүүсүз кабыл алууну максатка ылайыксыз деп эсептейм жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктун жана 81-беренесинин 2-бөлүгүн жетекчиликке алуу менен аны кайра кайтарам.

 

2013-жыл 10-июнь