Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Алмазбек Атамбаев: “Мамлекеттик тилдин өлкөдөгү бириктирүүчү ролун күчөтүүгө багытталган жарлык даярдалып жатат”

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев мамлекеттик кыргыз тилин өнүктүрүү боюнча конкреттүү чараларды камтыган атайын жарлык даярдалып жаткандыгы тууралуу билдирди.

“Мамлекеттик тилди комплекстүү өнүктүрүүгө, анын өлкөдөгү бириктирүүчү ролун күчөтүүгө жана тил саясатын өркүндөтүүгө багытталган атайын жарлык даярдалып жатат”, - деди Мамлекет башчысы бүгүн, 2013-жылдын 10-июнунда,  Кыргыз Республикасында Эл биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо Концепциясын жүзөгө ашыруу боюнча жумушчу кеңешмеде.

Президент  Алмазбек Атамбаев этностор аралык ынтымакты чыңдоо  негизинен  мамлекеттик тилдин бириктирүүчү ролуна жана тең салмакталган тил саясатын жүргүзүүгө негизделүүгө тийиш экендигин белгиледи.

“Кыргызстанда мамлекеттик тилдин позицияларын чыңдабай туруп, эл биримдигине жетишүүгө мүмкүн эместигин моюнга алыш керек. Бирок, ошол эле учурда жаштарыбыз үчүн аларга расмий орус жана башка тилдерди билүү аркылуу ачылуучу келечек менен мүмкүнчүлүктөрдү чектегенге болбойт”, - деп баса белгиледи Президент

Мамлекет башчысынын пикири боюнча даярдалып жаткан жарлык тең салмакталган тил саясатын калыптандырууга көмөктөшүп, аны узакка созулган талкуулардан практикалык аракеттердин режимине өткөрүүгө тийиш

2013-жыл 10-июнь