Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаевди кабыл алды

Бүгүн, 2013-жылдын 11-июнунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Жоомарт Оторбаевди кабыл алды.

Жолугушууда өлкөдө экономикалык өнүгүүнү жана кыргызстандыктардын жашоо-турмушун жакшыртууну камсыз кылуу үчүн Өкмөт жүргүзүп жаткан чаралар талкууланды. 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү стратегиясын жүзөгө ашырууга өзгөчө көңүл бөлүндү.

Президент Алмазбек Атамбаев Стратегиянын негизги бөлүктөрүнүн бири болгон Улуттук долбоорлорду жүзөгө ашыруунун маанисин баса көрсөттү.

Ошондой эле Мамлекет башчысы аталган теманын айланасындагы ар кандай чайкоочулуктун алдын алуу үчүн кен чыккан жерлерди иштетүүгө байланышкан маселелерди өз учурунда чечүүнүн зарылдыгын белгиледи.

Жоомарт  Оторбаев Президентке “Кум-Төр” алтын кенин мындан аркы иштетүү жана башкаруу маселеси боюнча канадалык «Центерра» компаниясы менен сүйлөшүүлөрдүн жүрүшү жөнүндө маалымат берди. Президент Алмазбек Атамбаев «Центерра» менен сүйлөшүүлөрдө Өкмөт Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыктарын биринчи орунга коюшу керектигин баса көрсөттү.

 

2013-жыл 11-июнь