Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Жогорку-Нарын ГЭСтеринин каскадынын курулушун баштоо салтанатына катышты

Бүгүн, 2013-жылдын 12-июнунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Жогорку-Нарын ГЭСтеринин каскадынын курулушун баштоо салтанатына катышты.

Салтанатта ошондой эле «РусГидро» ААКнын башкармалык төрагасы Евгений Дод турган россиялык делегация катышты.

Салтанат аземи учурунда Президент Алмазбек Атамбаев сөз сүйлөп,бул окуянын маанилүүлүгүн белгиледи.

“Бүгүн бул жерде - карт Нарын дарыясынын  жээгинде болуп жаткан  окуя өлкөбүз үчүн зор мааниге ээ. Биринчи кезекте экономикалык өнүгүшүбүзгө мааниси чоң. Ушул жерде бир эле ГЭС эмес, бүтүндөй Жогорку-Нарын ГЭСтеринин каскады түшөт”,- деп белгиледи Президент.

Ал россиялык өнөктөштөрүбүз менен 3-4 жылдын ичинде алгачкы төрт ГЭСти курарыбызды баса белгиледи. Ал эми келечекте Жогорку-Нарын дарыясында ГЭСтердин санын жок дегенде алтыга жеткирүүгө болот.

Долбоордун экономикалык маанисин айтып жатып, Мамлекет башчысы мындай деп баса белгиледи: “ГЭСтин курулушу миңдеген жумушчу орундарды түзөт. Нарын облусунун, ошондой эле өлкөбүздүн  башка региондорунун калкы курулуштун өзүндө дагы, курулуш менен кошо жүргөн тармактарда дагы иштейт. Анткени ГЭСтердин курулушу менен кошо кызмат көрсөтүү тармагы, курулуш материалдар рыногу дагы катуу өнүгө баштайт. Жаштарыбыз жаңы кесиптерди өздөштүрүп, ишке  тартылат”.

Мамлекет башчысы келечекте, жаңы электр станцияларын ишке киргизүү менен өлкөбүз жыл сайын өсүп бара жаткан калктын керектөөлөрүн толугу менен канааттандырып, региондогу электр энергиясын экспорттогон ири мамлекетке айланат деген ишенимин билдирди.

Ал ошондой эле казакстандык өнөктөштөр менен «Датка-Алма-Ата»  жогорку чыңалуудагы экспорттук электр линияларынын курулушун болжолдоп жатканыбызды белгиледи. Кытай  кошунабыз менен «Кыргызстан-Кытай» линиясынын курулушун баштоо тууралуу алдын ала макулдашууга жетиштик.

Россия менен бирге долбоордун ишке ашырылышын айтып жатып, Алмазбек Атамбаев мындай деп айтты: “Россия менен бирдикте баштап жаткан курулуш кыргыз-россия мамилелеринин бекемдигин жана байланышыбыздын тереңдигин дагы бир ирет ырастады. Курулуштун башталышы Жараткандын буйругу менен Россиянын күнүнө туш келген экен. Жагдайдан пайдаланып, Россиялык биздин досторубузду бүгүнкү майрамы - Россия күнү менен куттуктап, тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалап коюуга уруксат этиңиздер”.

Президент Жогорку-Нарын ГЭСтеринин каскадынын курулушу Россиянын Президенти Владимир Владимирович Путиндин колдоосу менен ишке аша баштаганын өзгөчө белгиледи.

Алмазбек Атамбаев ошондой эле “РусГидронун” ролун белгилеп, мындай деп баса көрсөттү: “Жагдайдан пайдаланып, Россиянын эң ири энергетикалык компаниясы “РусГидрого” кесипкөйлүгү жана натыйжалуу иши үчүн ыраазычылык билдирип кетким келет”.

“Россия менен стратегиялык  кызматташуудагы мындан аркы кадамыбызды дагы бир ири  энергетикалык обьект – Камбар-Ата-1 ГЭСинин  курулушун биргелешип чогуу жүргүзүүдөн көрөбүз. Биз ар  дайым өз ара пайдалуу регионалдык кызматташууга даярбыз”, - деп айтты Президент.

Кытай менен кызматташтык тууралуу айтып жатып, Президент мындай деп белгиледи: “Энергетика тармагындагы кыргыз-россия тажрыйбасы  биздин улуу коңшубуз Кытай менен өз ара пайдалуу  өнөктөштүктү  улантууга көмөктөшөт деп ишенебиз”.

Андан ары Мамлекет башчысы үстүбүздөгү жылдын күзүндө Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин мырзанын сапары күтүлүп жаткандыгын эске салды. Ага чейин Сары-Жаз дарыясында ГЭСтердин каскадынын курулушун биргелешип жүргүзүү боюнча Кыргызстан тиешелүү документтерди даярдаганга үлгүрөт деген ниетин билдирди.

«Датка» жана «Кемин» подстанцияларынын, «Датка-Кемин» жогорку чыңалуудагы линиясынын курулуштары, түндүк-түштүк багыты боюнча темир жол жана жаңы кара жолдун курулушу  региондорубузду бириктирет, өлкөнүн биримдигин жана бүтүндүгүн чындайт”, - деп баса белгиледи Президент.

2013-жыл 12-июнь