Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Алмазбек Атамбаев: “Кайсы бир күчтөр кайрадан өлкөнү апаатка, баш-аламандыкка түртүп жатышат”

Бүгүн, 2013-жылдын 12-июнунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Жогорку-Нарын ГЭСтеринин каскадынын курулушун баштоо салтанатына катышты.

Өз сөзүндө Президент Кыргызстанда акыркы кездерде болуп жаткан окуяларга токтолду жана Кыргызстанда жүзөгө ашырылып жаткан мындай долбоорлордун маанилүүлүгүн белгиледи.

Бирок, - деп белгиледи ал, - акыркы окуялар кыргызстандыктарды  бир топ ойго салып койду.

“Жети-Өгүздөгү жана Жалал-Абаддагы окуялар, өлкөбүздүн түштүгү менен түндүгүн байланыштырган жападан жалгыз «Бишкек – Ош» транспорттук артериядагы болгон иштер  кайсы бир күчтөр  өлкөнү апаатка, баш-аламандыкка түртүп жаткандыгын  таасын көрсөтүп койду. 2010-жылдын апрелинде өз элин атууга буйрук бергендер, 2010-жылдын июнунда элди кагыштыргандар  кайрадан көксөөсүн кандыргысы келип жатат”, - деп айтты Мамлекет башчысы.

Президент Алмазбек Атамбаев: “аларды өз учурунда токтотуу зарыл, ал бузуку аракеттер эмнеге алып келээрин биз так билишибиз керек”, - деп баса белгиледи.

“Мунун баары өлкөнү бөлүп-жарып, тынчтыкты жана бейпилдикти бүлүндүрүүгө алып келет. Жаңы тирешүүлөрдү жаратып, жаңы курмандыктарга алып келиши ыктымал. Карапайым элди  бул  жаңы трагедияга алып келиши мүмкүн. Эгерде аларды өз учурунда токтотпосок, ал бузуку аракеттер эмнеге алып келээрин биз так билишибиз керек.

Биз акыркы окуялардын уюштуруучуларын, алардын артында тургандардын ысымдарын билебиз. 2010-жылдын июнундагыдай эле алар бир сценарийдин негизинде аракеттенип жатышат. Алар Кыргызстанды талкалап бүлүндүргүсү келип жатат. Өлкөбүздүн келечегине карата  ишенимибизден ажыратып салгысы бар”, - деп билдирди Мамлекет башчысы.

Өз сөзүнүн жыйынтыгында Президент бардыгын Кыргызстанды, тынчтыкты жана туруктуулукту сактоого чакырды.

2013-жыл 12-июнь