Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаев Россиянын Президенти Владимир Путинди Россиянын Күнү менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путинге мамлекеттик майрам – Россиянын Күнүнө карата куттуктоо жөнөттү.

Анда мындай деп айтылат:

“Урматтуу Владимир Владимирович,

Россиянын Күнү – мамлекеттик майрамга карата менин чын жүрөктөн куттуктоолорумду кабыл алып коюңуз.

Сиздин жетекчилигиңиз астында Россия Федерациясы мамлекеттүүлүктүн кайра жаралуу жана экономикалык реформалардын жолунда таңгалдырган жыйынтыктарга жетти, эл аралык аренада өзүнүн кадыр-баркын кыйла бекемдеди.

Кыргыз Республикасында кыргыз-россиялык союздук мамилелерди жана стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүү жана бекемдөө ишине Сиздин баа жеткис жеке салымыңызды ыраазычылык менен кабыл алышат.

Учурдан пайдаланып, урматтуу Владимир Владимирович, Сизге чын дилимден чың ден соолук, бакубаттык жана мамлекеттик ишмердигиңиздеги ийгиликтерди, ал эми дос Россия элине – тынчтыкты жана гүлдөп өсүүнү каалайм.

Урматтоо менен,

Алмазбек Атамбаев”

2013-жыл 12-июнь