Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаев КР УКМК төрагасы Бусурманкул Табалдиевди кабыл алды

Бүгүн, 2013-жылдын 13-июнунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев өлкөнүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы, КР Коргоо кеңешинин катчысынын милдетин убактылуу аткаруучу Бусурманкул Табалдиевди кабыл алды.

Мамлекет башчысы Кыргызстандын жараны Нургазы Конушбековду Афганистандан талибдердин туткунунан бошотууга катышкан УКМК кызматкерлерине ыраазылык билдирди. Алмазбек Атамбаев биздин жарандын акча төлөбөстөн же башка кандайдыр бир шарттарсыз бошотулгандыгынын маанилүүлүгүн белгиледи.

Жолугушууда Коргоо кеңешинин өлкөнүн Куралдуу Күчтөрүн башкарууну өркүндөтүү жана жаңы Аскер доктринасын кабыл алуу талкуулана турган алдыдагы отурумуна даярдыктын жүрүшү талкууланды.

2013-жыл 13-июнь