Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Түштүк-Кореялык болот эритүүчү «POSCO» компаниясынын Директорлор кеңешинин төрагасы Чунг Жунг Янгды кабыл алды

Бүгүн, 2013-жылдын 13-июнунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Түштүк-Кореялык болот эритүүчү «POSCO» компаниясынын Директорлор кеңешинин төрагасы Чунг Жунг Янг баш болгон жетекчилигинкабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө түштүк-кореялык «POSCO» компаниясынын инвестицияларын Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарындагы Кыргыз ферроэритүүчү заводунун курулуш долбооруна ферросиликоалюминий өндүрүү боюнча тартуу маселелери талкууланды.

Атап айтсак, Президент Кыргызстандын экономикасы үчүн бул долбоорду жүзөгө ашыруунун маанисин баса белгиледи.

Мамлекет башчысы «POSCO» компаниясы чоң потенциалга ээ жана Кыргызстанда инвестициялык долбоорлорду жылдыруунун локомотиви болуп чыгууга бардык мүмкүнчүлүктөрү бар экендигин белгиледи.

“Бул долбоор 2007-жылы, мен Премьер-министр кезимде башталган, ал эми 2011-жылы завод курулуучу жерге капсула коюлган. Мен заводдун иштеп кетишине кызыктармын, завод Таш-Көмүр шаарына жаңыча жашоого түрткү бере алат”, - деп белгиледи Алмазбек Атамбаев.

Президент ошондой эле ферроэритүүчү заводдун курулушу боюнча долбоордун жүзөгө ашырылуусу менен байланышкан маселелерди чечүүдө ар тараптан көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин баса белгиледи, ошондой эле Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин кийинки отурумунда бул долбоорду Улуттук долбоорлордун тизмесине киргизүү жөнүндө маселе караларын кошумчалады.

“Мен бул долбоордо да, кийинкилеринде да жардам берип турам”, - деп баса белгиледи Президент.

Өз кезегинде Чунг Жунг Янг заводдун долбоордук кубаттуулугу жылына 70 000 тонна даяр өндүрүм экендигин жана келечекте анын көлөмүн 200 000 тоннага көбөйтүү болжолдонуп жаткандыгын маалымдады.

Ошондой эле жолугушууда катышып жаткан «Казакстан Республикасынын минералдык чийки заттарды комплекстүү кайра иштетүү боюнча Улуттук борбор» деп аталган чарба жүргүзүү укугундагы Республикалык мамлекеттик ишкананын Башкы директору Абдурасул Жарменов заводдун биринчи меши 2013-жылдын акырына болжолдонгонун белгилеп, жумуш менен эң кур дегенде 60 киши камсыз болоорун кошумчалады. Ошол эле учурда ал келечекте заводдогу жумушчу орундардын санын 5 000 кишиге чейин көбөйтүү болжолдонуп жаткандыгын маалымдады.

Ошондой эле Чунг Жунг Янг Президентке Кыргыз Республикасынын экономика министрлиги менен «Казакстан Республикасынын минералдык чийки заттарды комплекстүү кайра иштетүү боюнча Улуттук борборунун» жана «POSCOнун» ортосунда Кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюлгандыгы тууралуу маалымдады. 

“Ресурстар качандыр бир түгөнөт, ал эми технологиялар менен тажрыйба эч качан түгөнбөйт. Эгерде «POSCO» компаниясынын тажрыйбасы менен технологияларын сиздердин өлкөнүн табият жана эмгек ресурстары менен бириктирсек, анда эки тарапка тең пайдалуу болот”, - деп белгиледи «POSCO» компаниясынын Директорлор кеңешинин төрагасы.

Кыргызстандагы келечек долбоорлору жөнүндө айтып, Чунг Жунг Янг компаниянын келечегинде магний заводун куруу боюнча, металл кремнийи, ошондой эле башка чөйрөлөрдө завод түзүү пландаштырылып жаткандыгын белгиледи.

«POSCO» компаниясынын курулуш, соода, энергетика, IT-технологиялары жана материалдары чөйрөлөрүндө иштеген филиалдары бар, Кыргызстан жана компания биргелешип кызматташса алар Кыргызстандын экономикасына пайда алып келээр эле. Компаниянын Кыргызстандын Өкмөтү, жергиликтүү органдары жана калкы менен кызматташуу ниети бар. Биздин компаниянын философиясы – «Өнөктөрүбүздүн сүймөнчүк компаниясы болуу», - деп белгиледи Чунг Жунг Янг.

Жолугушууда «POSCO» компаниясынын төрагасы ошондой эле Кыргызстандын жарандарын Кореяда окутуу маселелерине да кайрылды. Атап айтсак, ал мындай деди: “Технологиялар жана каражаттар - маанилүү факторлор, ошондой эле иштеп жаткан адамдар да маанилүү. Бизде балдар бакчасынан тартып, университетке чейин билим берүү борборлору бар. «POSCO» Университети бүт дүйнөгө белгилүү. Биз Кыргызстандан студенттерди жаңы технологияларга стипендия берип окуу үчүн чакыраар элек”.

Өз кезегинде Президент: “Кореяда окуу үчүн студенттердин бир бөлүгү Таш-Көмүр шаарынан алынса жакшы болор эле”, -  деп баса белгиледи.

Жолугушуунун акырында «POSCO» компаниясынын Директорлор кеңешинин төрагасы Президент Алмазбек Атамбаевди каалаган ыңгайлуу убакта «POSCO» компаниясынын Кореядагы ишканаларына келип кетүүгө чакырды.

Жолугушууда ошондой эле Корея Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ким Чанг Гю, Түштүк-Кореялык болот эритүүчү «POSCO» компаниясынын Президенти Ким Джун Сик, Түштүк-Кореялык болот эритүүчү «POSCO» компаниясынын Вице-президенти Ким Джи Ёнг жана «Казакстан Республикасынын минералдык чийки заттарды комплекстүү кайра иштетүү боюнча Улуттук борбор» чарба жүргүзүү укугундагы Республикалык мамлекеттик ишканасынын Башкы директору Абдурасул Жарменов катышышты.

Маалымат үчүн:

POSCO (Pohang Iron and Steel Сompany (Пхохан темир жана болот компаниясы) – штаб-квартирасы түштүк-кореялык Пхохан шаарында жайгашкан, болотту базар наркында дүйнөдөгү ири экинчи орундагы өндүрүүчү жана Азиядагы кыйла кирешелүү болот эритүүчү компания. Иштетиле элек болотту өндүрүү 37 миллион тоннага чейин жетет. Сатуу 2012-жылы 62 млрд. $ түзгөн.

Азыркы учурда POSCO Кореяда да, ошондой эле анын чегинен тышкары жерлерде да көптөгөн туунду ишканаларды башкарат. Алардын ичинде башкы бизнеси катары металлургия, атап айтсак Кореядагы: Пхохан жана Кванъян шаарларындагы эки металлургиялык заводу калууда. Андан тышкары POSCO Калифорния штатындагы Питтсбург шаарында жайгашкан U.S. Steel (USS-POSCO) биргелешкен ишканасын негиздеген.    

Ферроэритүү заводун куруу инвестициялык долбоору Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы экономикалык кызматташтыктын алкагында 2007-жылы башталган.

Казак тараптан жүзөгө ашырууга жооптуу Казакстан Республикасынын минералдык чийки заттарды комплекстүү кайра иштетүү боюнча Улуттук борбор” Республикалык мамлекеттик ишканасы, ал эми кыргыз тараптан - ОсОО «Авиньен» болуп саналат.

2013-жыл 13-июнь