Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаев мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча чараларды каржылоону 2014-жылдан тартып кеминде эки эсе көбөйтүү боюнча тапшырма берди

Бүгүн, 2013-жылдын 17-июнунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев мамлекеттик тилди мындан ары өнүктүрүү боюнча маселелер талкууланган  жумушчу кенешме өткөрдү.

Тактап айтканда, тил саясатын өркүндөтүү боюнча жумушчу тобун түзүү, ошондой эле мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча чукул арада ишке ашыра турган кечиктирилгис чаралар дагы каралган адистер тарабынан даярдалып жаткан өлкөнүн Президентинин Жарлыгынын долбоору талкууланды.

“Мындан ары мамлекет мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө каражат аябайт, ал эми бул багыттагы иш-чараларды каржылоо келерки жылдан тартып кеминде эки эсеге көбөйтүлүшү зарыл”, - деп билдирди Президент Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысынын пикири боюнча тил саясаты тең салмакталып, созулуп кеткен талкуулар стадиясынан иш аракеттердин  алкагына  өтүүгө тийиш. Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү Стратегиясы жана өлкө Президенти бекиткен элдин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо Концепциясы мамлекеттик кыргыз, расмий орус, ошондой эле дүйнөдө талап кылынган эл аралык тилдердин биринде эркин сүйлөгөн кыргызстандыктардын көп тилдүү жаңы муунун тарбиялоо милдетин коюуда.

2013-жыл 17-июнь