Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаев Түркияга иш сапары менен жөнөп кетти

Бүгүн, 2013-жылдын 18-июнунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Түркия Президенти Абдуллах Гүлдүн чакыруусу боюнча Анкарага иш сапары менен жөнөп кетти.

Сапардын жүрүшүндө Кыргызстандын башчысы Түркия Республикасынын жетекчилиги менен эки тараптуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүү маселелери боюнча бир катар жолугушууларды өткөрөт.  

Андан тышкары Президент Алмазбек Атамбаев врачтардын сунушу боюнча «Гюльхане» Аскер медициналык академиясында медициналык кароодон өтөт. Эске салсак, Алмазбек Атамбаев мурда да уулануудан кийин 2007-жылы ушул Академияда медициналык кароодон өткөн эле. Ал эми 2008-жылы Анкара шаарындагы клиникалардын биринде анын ашказанына операция жасалган.  

Президент Алмазбек Атамбаев ушул жуманын аягында Бишкекке кайтып келери пландалууда.

 

2013-жыл 18-июнь