Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Түркиянын Президенти Абдуллах Гүл менен жолугушту

Бүгүн, 2013-жылдын 18-июнунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев түрк кесиптешинин чакыруусу боюнча Анкарага жумушчу сапар менен келип, Түркия Республикасынын Президенти Абдуллах Гүл менен жолугушту.

Мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташуунун жана Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда  мамилелерди  өнүктүрүүнүн мындан аркы келечегинин актуалдуу маселелерди талкуулашты. Ошондой эле, Алмазбек Атамбаев менен Абдуллах Гүл регионалдык мүнөздөгү маселелерди талкуулашты.

Алмазбек Атамбаев кыргыз-түрк мамилелери ишенимдүү өнүгүп жана кызматташуунун бардык деңгээлинде конкреттүү макулдашуулар менен бекемделип жаткандыгын белгиледи.

Мамлекет башчылары Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда  кызматташууну өнүктүрүү үчүн  эки тараптуу макулдашууларды мындан ары ишке ашыруунун маанисин баса белгилешти

 

2013-жыл 18-июнь