Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаев Түркиянын Премьер-министри Режеп Тайип Эрдоган менен жолугушту

Кечээ, 2013-жылдын 18-июнунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Анкара шаарында жумушчу сапарынын алкагында Түркия Республикасынын Премьер-министри РежепТайип Эрдоган менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда буга чейин жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча конкреттүү кадамдар талкууланды. Ошондой эле, Кыргызстанга чет элдик инвестицияларды түз тартуу маселелери дагы талкууланды.

Тараптар үстүбүздөгү жылдын апрель айында Бишкекте өткөрүлгөн Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда стратегиялык кызматташуунун Башкы кеңешинин экинчи жыйыны кыргыз-түрк стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоодогу кезектеги кадам жана мамлекеттер аралык натыйжалуу диалогдун  далили болуп калгандыгын белгилешти.

2013-жыл 19-июнь