Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Шайлоо системасын өркүндөтүү боюнча жумушчу топ Кыргызстандагы саясий бирикмелерди ирилештирүүгө багытталган сунуштарды иштеп чыкты

Бүгүн, 2013-жылдын 21-июнунда, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси Данияр Нарымбаевдин төрагалыгы алдында Кыргыз Республикасынын шайлоо системасын өркүндөтүү боюнча жумушчу топтун ири саясый бирикмелердин калыптануусуна өбөлгө болчу мыйзам ченемдерин иштеп чыгуу боюнча сунуштарды талкуулоого арналган жыйыны өткөрүлдү.

Жумушчу топтун мүчөлөрү өзүнүн кезектеги отурумунда мыйзамдарды жана шайлоо процессин реформалоо боюнча конкреттүү сунуштарды карашты. Атап айтсак, алардын негизинде саясий партияларга так талаптар коюла турган 8 позиция каралды.

Жумушчу топтун бул сунуштарын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары мурда киргизген саясий партиялар жөнүндө жаңы мыйзам долбооруна интеграциялоо пландалууда.

Бул саясый партиялардын мүчөлөрүнүн минималдуу санын көбөйтүүнү; алардын регионалдык бөлүмдөрүнүн иштеп туруусун; шайлоо босогосун жана шайлоо күрөөсүн көбөйтүүнү, ошондой эле саясий партияларды ирилешүүгө кызыктырууга багытталган бир катар чараларды караган пункттар.

Мындан тышкары, эгерде саясый партия 10 жылдын ичинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине шайлоого катышпаса, анда каттоодон өтпөсү жөнүндө өзүнчө ченем киргизүү сунушталууда. Ошондой эле партиялар үчүн шайлоочулардын колун сөзсүз топтоо жол-жобосун киргизүү сунушталууда.

Жумушчу топтун мүчөлөрүнүн пикири боюнча көрсөтүлгөн жаңылыктар  Кыргызстандын парламентине шайлоолорго катышуу процессинде саясый партиялардын  жоопкерчилигин жогорулатууга өбөлгө түзөт.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин сөзү боюнча бул сунуштар шайлоо системасы боюнча эл аралык тажрыйбаны талдоонун жана улуттук мыйзамдардын кемчиликтерин эсепке алуунун негизинде иштелип чыккан.

Жумушчу топтун жетекчиси Данияр Нарымбаев азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине “Саясый партиялар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жаңы долбоору киргизилип, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тиешелүү  комитети тарабынан  каралгандыгын кошумчалады. Мына ушуга байланыштуу Данияр Нарымбаевдин  пикири боюнча Жумушчу топтун  сунуштарын ошол мыйзам долбооруна киргизип, ушул күздө парламенттин кароосуна жөнөтүү зарыл. Ошондо  шайлоо системасын өркүндөтүү боюнча биргелешкен  аракеттердин жыйынтыгы  тездемекчи.

Талкуу докладдарды угуу жана активдүү дискуссиялардын алкагында өткөрүлдү. Жумушчу топтун  мүчөлөрү саясый партияларды ирилештирүүгө багытталган чаралар боюнча түрдүү пикирлерин айтышты. Тактап айтсак, партияларды түзүүдө  партия мүчөлөрүнүн санын 10 жарандан 200 жаранга чейин көбөйтүү жана партия мүчөлөрүнүн саны 10 адамдан кем эмес болгон облустардагы па саясый партиянын регионалдык бөлүмдөрүн  ачуу тууралуу ченемдерди катышуучулардын көпчүлүгү колдоду.

Шайлоо күрөөсүн көбөйтүү чарасын караган ченем активдүү талаш-тартыштарды жаратты. Жыйындын айрым катышуучуларынын  пикири боюнча  мындай чара жетиштүү финансылык каражаттары жок саясый партиялардын  мүмкүнчүлүктөрүн чектеп, жаштар партияларынын шайлоо процессине катышуусуна тоскоолдук түзүшү ыктымал.

Күрөөнүн сумасын көбөйтүүнү колдогон Жумушчу топтун башка мүчөлөрүнүн пикири боюнча талапкерлер шайлоо процессинин чыгымынын бир бөлүгүн көтөрүүгө тийиш, мындай чара саясый партиялардын жоопкерчилигин жогорулатат.

Жыйындын катышуучулары жазалоо ыкмаларын пайдалануунун ордуна  кызыктыруучу чараларды колдонуу зарылчылыгына көңүл буруу керек экен деген пикирге токтолушту.

Мындан тышкары жыйындын катышуучулары мүмкүн болчу мамлекеттик каржылоо, ошондой эле саясый бирикмелерди кийин ММКларда жарыялоо үчүн жыл сайын финансылык отчетту КР БШКга тапшырууга тиешелүү маселелерди талкуулашты.

Жумушчу топтун мүчөлөрү жыйындарды уюштуруу боюнча иш планын бекитишти. Алсак, 2013-жылдын 18-19-июлдарында шайлоо процессине  заманбап технологияларды киргизүүгө тиешелүү маселеелр каралмакчы.

Бул маселе Жумушчу топтун кийинки жыйынында дагы талкууланмакчы.

Маалымдама: Кыргыз Республикасынын  шайлоо системасын өркүндөтүү боюнча Жумушчу топ Кыргыз Республикасынын  Президентинин 2013-жылдын 22-майындагы № 109 “Кыргыз Республикасынын шайлоо системасын өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгы менен бекитилген.

2013-жыл 21-июнь