Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаев Индиянын Президенти Пранаб Мукерджиге суу ташкынга байланыштуу көңүл айтты

Бүгүн, 2013-жылдын 24-июнунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Индия Республикасынын Президенти Пранаб Мукерджиге Индияда болуп өткөн суу ташкынга байланыштуу көңүл айтты. 

Анда мындай деп айтылган:

“Улуу Урматтуу, 

Индиянын түндүгүндө болгон  суу ташкынынын натыйжасында  көптөгөн адамдар жапа чеккендиги тууралуу суук кабарды кабыргам кайышып кабыл алдым.

Каза тапкандардын туугандарына, жакындарына кайрат айтып, жапа чеккендерге  тезирээк сакайып кетишин каалоомду жана үй-жайсыз калгандарга колдогон сөздөрүмдү жеткирип коюуңузду өтүнөм.

Терең кайгыруу менен,

Алмазбек Атамбаев

 

2013-жыл 24-июнь