Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаев Россиянын коргоо министри Сергей Шойгуну кабыл алды

Бүгүн, 2013-жылдын 25-июнунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Россия Федерациясынын коргоо министри, армиянын генералы Сергей Шойгуну кабыл алды.

Президент Алмазбек Атамбаев Сергей Шойгу менен чын дилден амандашып: “Россия менен аскер багытындагы кызматташтыгыбыз абдан жемиштүү болот деген үмүттөмүн”, - деп баса белгиледи.

Өз кезегинде Сергей Шойгу акыркы жарым жылдын ичинде бул экинчи жолугушуу экендигин белгилеп өттү. “Бул жагдай биздин мамлекет  башчыларыбыздын, өлкөлөрүбүздүн жана элдерибиздин ортосундагы тыгыз мамиле түзүлгөндүгүн дагы бир ирет тастыктайт”,-деп баса белгиледи.

Учурдан пайдаланып, коргоо министри Сергей Шойгу Президент Алмазбек Атамбаевге Россиянын Президенти Владимир Путиндин эң жакшы каалоолорун айтты.

Сергей Шойгу кызматташуунун алкагында Кыргызстандын Куралдуу Күчтөрүн колдоо программасы каралып, 2014-жылдан баштап Кыргызстанга аскер техникасын жеткирүү болжолдонуп жаткандыгын маалымдады.

Жолугушуунун жүрүшүндө ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы мындан аркы аскер-техникалык кызматташтыгынын актуалдуу маселелери да талкууланды.

Сергей Шойгу Бишкекке Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин коргоо министрлеринин отурумуна катышуу максатында келген.

2013-жыл 25-июнь