Президент Алмазбек Атамбаев улуттар азчылыгы иштери боюнча ОБСЕнин Жогорку комиссары Кнут Воллебекти кабыл алды

Бүгүн, 2012-жылдын 31-январында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев улуттар азчылыгы иштери боюнча ОБСЕнин Жогорку комиссары Кнут Воллебекти кабыл алды.
 
Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстанда этностор аралык мамилелер чөйрөсүндөгү жагдай талкууга алынды.

Мамлекет башчысы Кыргызстанда стабилдүүлүктү  жана улуттар аралык коомду чыңдоо боюнча жүргүзүлүп жаткан мамлекеттик саясат менен тааныштырды.

Кнут Воллебек Президент Алмазбек Атамбаевди эки тараптуу кызматташуу маселелери боюнча улуттар азчылыгы иштери боюнча  ОБСЕнин жогорку комиссарынын башкармалыгынын ишмердигинин абалы жана перспективалары туурасында маалымат берди.

Жолугушуу конструктивдүү нукта өтүп, эки тарап тең өз ара кызыкчылык туудурган маселелердин кеңири алкагы боюнча диалогду мындан ары дагы улантууга кызыктар экендигин баса белгиледи.

Кыргыз Республикасынын Президентинин басма сөз кызматы

15-октябрь, 2012-жыл
Басып чыгаруу