Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев мектеп бүтүрүүчүлөрүнө “алтын сертификаттарды” жана cтуденттерге президенттик стипендияларды тапшырды

Бүгүн, 2013-жылдын 28-июнунда, «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев орто мектептердин бүтүрүүчүлөрүнө “алтын сертификаттарды”, Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын студенттерине президенттик стипендияларды салтанаттуу тапшыруу аземине катышты.

Бүтүрүүчүлөр жана студенттер менен саламдашып, Президент Алмазбек Атамбаев  ак эмгеги, маңдай тери менен  жетишкен стипендиялар менен “алтын сертификаттарды” алдыңкы жаштарга тапшыруу сыймыктуу милдет экенин белгиледи.

“Мага силердин араңарда, өлкөнүн жаратман, өз тагдырын, өз келечегин кура билген жаштарынын арасында болуу абдан жагымдуу”, - деп баса белгиледи Алмазбек Атамбаев.

Ал катышып олтургандарга өзүнүн студент кези жөнүндө айтып берди. Күндүз окуп, кечкисин көчө шыпыргыч болуп иштеп, түнкүсүн котормо менен алектенүүгө туура келчү экен. “Оор мезгилде кыйынчылыктан тайсалдабастан, аларды жеңе билиш керек. Ошондо гана  адамдын мүнөзү калыптанып, курчуйт. Күчкө толот”, - деп белгиледи Президент.

Мамлекет башчысы алтын сертификат ээлеринин арасында айылдык мектептердин бүтүрүүчүлөрү аз экендигин өкүнүү менен белгиледи. “Бул бизди абдан тынчсыздандырат. Биз бул маселе жөнүндө ойлонушубуз керек”, - деди Алмазбек Атамбаев.

Президент ошондой эле Кыргызстан бүгүн бир топ кыйынчылыктарды баштан кечирип жаткандыгын белгиледи. “Бирок биз келечекти таасын көрүп турабыз. Биз Жогорку-Нарын ГЭС каскадынын курулушу сыяктуу ири улуттук долбоорлорду ишке ашыра баштадык. Кудай буюрса, Камбар-Ата -1ди кура баштайбыз. Жакында “Датка” подстанциясы пайдаланууга берилет. Мындан тышкары, акыркы убактарда Кыргызстанга жеке инвесторлор келе баштады. Мисалы, түштүк кореялык компания Таш-Көмүр шаарында ферроэритүүчү заводго каражаттарын салуу ниетин билдирүүдө.  “Залкар Банкты” сатып алган россиялык инвестор каражатын Кыргызстандын экономикасына салууга – ипотекалык насыялоону өнүктүрүүгө ниеттенүүдө. Түркиядан Кыргызстанга жаңы рейс ачылды. Ошондуктан азыр биз көп иштеп, жаратман  болушубуз керек. Эгерде өлкөдө туруктуулук жана тынчтык болсо, биз сөзсүз өз максатыбызга жетебиз. Биз жаңы, гүлдөгөн Кыргызстанды курабыз”, - деп билдирди Президент.

Мамлекет башчысы бүтүрүүчүлөр менен студенттерди эч качан келечекке ишенимди жоготпоого чакырды. Өз күчүңөргө, өз өлкөңөргө, өз тагдырыңарга ишенгиле. Ар дайым жүрөгүңөрдүн айтканы менен болуп, максатыңардан  эч качан тайбагыла деп үндөдү.

“Кыргызстандын келечектеги элитасы менен жолугушуп олтурганыма мен бактылуумун. Силер менен баарлашуу мага жакшы дем берет. Ар бириңерге кең келечек, бакыт-таалай жана чың ден соолук каалайм! Силер – Кыргызстандын келечегисиңер!”, - деп сөзүн жыйынтыктады Алмазбек Атамбаев.

Андан кийин Президент орто мектептердин бүтүрүүчүлөрүнө “алтын сертификаттарды”, ошондой эле Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын студенттерине президенттик стипендияларды тапшырды.

2013-жыл 28-июнь