Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев ЕККУнун ЖМК эркиндиги боюнча Өкүлү Дунья Миятовичти кабыл алды

Бүгүн, 2013-жылдын 28-июнунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Президент Кыргызской Республики Алмазбек Атамбаев ЕККУнун ЖМК эркиндиги боюнча Өкүлү Дунья Миятовичти кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстанда сөз эркиндигин камсыз кылуунун актуалдуу маселелери, ошондой эле ЕККУ менен ушул багыттагы мындан наркы кызматташуу маселелери талкууланды.

Сөз эркиндиги жөнүндө айтып келип, Президент мындай деп баса белгиледи: “Мен Кыргызстандын келечегин эркин басма сөз менен гана элестете алам”.

Өз кезегинде Дунья Миятович ЕККУ басма сөз эркиндиги маселелер боюнча көмөк көрсөткөнгө даяр экендигин белгиледи.

Дунья Миятович Бишкекке ЖМК эркиндиги боюнча Борбор Азиялык XV конференцияга катышуу үчүн келген.

 

2013-жыл 28-июнь