Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев бир катар чет элдик Элчилерден Ишеним грамоталарын кабыл алды

Бүгүн, 2013-жылдын 1-июлунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Сауд Аравиясынын Королдугунун, Пакистан Ислам Республикасынын, Замбия Республикасынын, Таиланд Королдугунун, Албания Республикасынын жана Филиппин Республикасынын ЭлчилериненИшеним грамоталарын кабыл алды.  

Аземдин жүрүшүндө Мамлекет башчысы өлкөбүз үчүн оңой эмес мезгилде, Кыргызстанда масштабдуу өзгөрүүлөр жүрүп жатканда Элчилерге ардактуу жана жооптуу озуйпа жүктөлгөндүгүн белгиледи. Ошол эле учурда эң кыйын учур артта калгандыгына ишендирди, Кыргызстанда 2010-жылдагы апрель революциясы Египеттегиден болгону 9 ай мурда өтсө да.

“Дүйнө өлкөлөрү Кыргызстандын келечегине ишеним артышты. Ай сайын Кыргызстандын ТИМи өлкөбүздө дипломатиялык өкүлчүлүктөрдү аккредитациялоо жөнүндө жаңы өтүнүчтөрдү алат. Башкысы, Бишкекте жаңы элчиликтер да ачылууда, буга биз кубанбай коё албайбыз”, - деп баса белгиледи Алмазбек Атамбаев.

Президент белгилегендей, Бишкекте улуу пайгамбарыбыз Мухаммед төрөлгөн жана жашаган өлкөнүн элчилиги ачылат.

“Кыргызстан Сауд Аравиясы менен кызматташуунун толук кандуу форматын өнүктүрүүгө артыкчылыктуу багыт берет. Биз эки тараптуу мамилелердин болгон тарыхында Бишкек шаарында дипломатиялык өкүлчүлүктүн ачылышына кубанычтабыз. Бул окуя тарыхый ийгилик деп эсептейм жана ал Сауд Аравиясынын биздин бир тууган элдерибиздин жыргалчылыгына өз ара пайдалуу  кызматташтыгын жүргүзүүгө кызыгдарлыгын баса көрсөтөт”, -деп баса белгиледи Алмазбек Атамбаев.

Ошондой эле Кыргызстан Пакистан Ислам Республикасы менен эки тараптуу форматта да, ошондой эле регионалдык өз ара аракеттин алкактарында да мамилелерди өнүктүрүүгө чоң маани берерлиги да белгиленди. Акыркы учурда кыргыз-пакистандык мамилелердин жандануусу байкалат.

“Пакистанда болуп өткөн шайлоолор жана жаңы жетекчиликти шайлоо өлкөлөрүбүз ортосундагы жемиштүү жана өз ара пайдалуу  кызматташтыкты чыңдоого өбөлгө түзөт деген үмүттөмүн. Өз учурунда жүзөгө ашыра турган абдан чоң дарамет бар”, - деп баса белгиледи Мамлекет башчысы.

Президент белгилегендей, географиялык алыс жайгашкандыгына карабастан, Кыргызстан менен Замбия эл аралык уюмдардын алкагында жигердүү кызматташат.

“Биз өлкөлөрү ылдам өнүгө баштаган алыскы африка континенти менен мамилелерибизди кеңейтүүнү колдойбуз”, - деп баса белгиледи Алмазбек Атамбаев.

Президент ошондой эле Кыргызстан Таиландды Түштүк-Чыгыш Азиядагы маанилүү тышкы саясый жана соода-экономикалык өнөк катары карарын баса белгиледи. “Биз Таиланддан көп нерсени үйрөнүүбүз керек. Өзгөчө туризм чөйрөсүндө”, - деп айтты Президент.

Мамлекет башчысы Албания тарабынан Кыргызстан менен достукту жана кызматташтыкты чыңдоого кызыгдарлыкты колдоорун билдирди. “Биз кызматташтыкты бардык багытта чыңдообуз керек”, - деп баса белгиледи Алмазбек Атамбаев.

Филиппиндер менен өз ара мамилелер жөнүндө Кыргызстан бул өлкөдө кырдаал кандай өнүгүп жаткандыгын кунт коюу менен байкап тургандыгы жана мындан ары да кызматташтыкты жолго коюу ниетинде экендиги белгиленди. “Филиппиндер – бул кубаттуу дарамети бар, ылдам өнүгүп жаткан өлкө. Биз бул өлкөнүн өкүлү менен амандашканыбызга кубанычтуубуз”, - деп белгиледи Мамлекет башчысы.

Президент бардык Элчилерге Кыргызстанда кызыктуу жана жемиштүү иш каалады.

 “Мен эки өлкөнүн мамилелеринин өнүгүүсүнө маанилүү салым кошкон көп элчилерди билем. Элчилерден көп нерсе көз каранды. Андыктан Сиздерге вазыйпаңыздардын ийгиликтүү болушун чын дилимден каалайм. Ал биздин өлкөлөрүбүздүн ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыктын байышына, достук менен ишенимдин чыңдалышына кызмат кылсын. Сиздердин келишиңиздер менен биздин кызматташтыгыбыз жаңы деңгээлге чыксын. Өз тарабыбыздан биз сиздерге болушунча колдоо жана көмөк көрсөтүүгө даярбыз”, - деп билдирди сөзүнүн жыйынтыгында Алмазбек Атамбаев.

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевге төмөнкүлөр Ишеним грамоталарын тапшырышты:

-         Сауд Аравиясынын Королдугунун Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Абдурахман бин Саид Аль –Жума;

-         Пакистан Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Абдул Матин Хан;

-         Замбия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Шумба Хапунда;

-         Таиланд Королдугунун Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Чарн Джулламон;

-         Албания Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Генжи Мучажа;

-         Филиппин Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Доминго Д.Лученарио.

2013-жыл 1-июль