Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев куткаруучуларды кесиптик майрамы – Кыргыз Республикасынын Куткаруу кызматынын кызматкерлеринин күнү менен куттуктады

Бүгүн, 2013-жылдын 1-июлунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын куткаруучуларын кесиптик майрамы – Кыргыз Республикасынын Куткаруу кызматынын кызматкерлеринин күнү менен куттуктады.

Анда мындай деп айтылган:

“Урматтуу Кыргызстандын куткаруучулары!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар - Кыргыз Республикасынын Куткаруу кызматынын кызматкерлеринин күнү менен куттуктайм!

Сиздердин ишиңер - адамдарды куткаруу. Милдетиңер - ар күнү, көп учурда өз өмүрүңөрдү тобокелге салуу менен эрдик жасоо.

Сиздер табигый кырсыктардын жана кыйроолордун кесепеттерин жоюуда жогорку кесипкөйлүгүңөрдү, жакшы даярдыгыңарды жана өз кесибиңерге берилгендигиңерди далай ирет далилдедиңиздер.

Мен сиздерге жеңил эмес экендигин билем. Сиздер оор шарттарда кызмат өтөйсүздөр. Бирок жасап жатканыңардын бардыгын - өз өлкөңөр үчүн, өзүңөрдүн ыйык парзыңар - өз мекендештериңердин өмүрүн жана бейпилдигин сактоо үчүн жасайсыздар.

Жумшаган эмгегиңер үчүн эң башкы сыйлык - элдин чын дилден ыраазычылыгы жана терең урматтоосу.

Сиздерге чың ден соолук, бакыт-таалай жана бакубаттык каалайм! Өтө маанилүү жана абдан пайдалуу ишиңиздерде тынчы жок күндөр менен түндөр азыраак болсун!

Кыргыз Республикасынын

Президенти                                                                              Алмазбек Атамбаев”

2013-жыл 1-июль