Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев ЕККУнун улуттар азчылыгы иштери боюнча Жогорку комиссары Кнут Воллебекти кабыл алды

Бүгүн, 2013-жылдын 1-июлунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев ЕККУнун улуттар азчылыгы иштери боюнча Жогорку комиссары Кнут Воллебекти кабыл алды.

Алмазбек Атамбаев ЕККУнун улуттар азчылыгы иштери боюнча Жогорку комиссарына Кыргызстандагы этностор аралык ынтымакты чыңдоо чөйрөсүндөгү кызматташтыгы үчүн ыраазычылык билдирип, ошондой эле Кнут Воллебекке чың ден соолук жана мындан аркы ишмердигине ийгиликтерди каалады.

2013-жыл 1-июль