Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев «Азия MIX» КВН командасы менен жолукту

Бүгүн, 2013-жылдын 2-июлунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Азия MIX» КВН (шайырлар жана тапкычтар клубу) командасы менен жолукту.

Алмазбек Атамбаев Кыргызстанды эл аралык абройлуу КВН долбоорлорунун алкактарында алга жылдыргандыгы үчүн команда мүчөлөрүнө ыраазылык билдирди жана алдыда турган Юрмаладагы эл аралык КВН фестивалында ийгилик каалады.

Президент Алмазбек Атамбаев «Азия MIX» КВН командасынын эл аралык турнирлерде ийгиликтүү өнөр көрсөтүүлөрү көптөгөн кыргызстандыктар үчүн сыймык жаратарын белгиледи.

Ошондой эле «Азия MIX» командасынын катышуучулары Президент менен мындан аркы чыгармачылык пландары менен бөлүшүштү жана КВН эл аралык кыймылында өлкө позициясын чыңдоо боюнча жасалып жаткан күч-аракеттер жөнүндө айтып беришти.

 

2013-жыл 2-июль