Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев иш сапары менен Жалал-Абад облусуна учуп кетти

Бүгүн, 2013-жылдын 3-июлунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусуна иш сапары менен учуп кетти.

Сапардын жүрүшүндө мамлекет башчысы Жалал-Абад облусундагы Базар-Коргон районундагы Акман айылындагы 500 кВ «Датка» подстанциясынын ачылыш аземине катышат.

Маалымат үчүн:

Республиканын керектөөчүлөрүн электр камсыздоосунун ишенимдүүлүгүн жогорулатуу үчүн Кыргызстандын түндүгүндө жана түштүгүндө 500 кВ жаңы азыктандыруучу борборлордун курулушу талап кылынды. Мындан тышкары учурда болгон көмөк чордондордун жана аба электр чубалгыларынын реконструкциясы керек болду.

ГЭСтердин Төмөнкү-Нарын каскадынын кубаттуулук өндүрүүсүн, ошондой эле Кыргызстандын түштүк региондорунун электр камсыздоосун    жабдып турчу, 500-200 кВ магистралдык чубалгылар топтолгон Жалал-Абад облусунда “Кыргызстандын түштүгүндө аба электр чубалгыларын жаңылоо” долбоору ишке ашырылган.

Бул долбоордун наркы 208 млн. АКШ долларын түздү.

Долбоордун чектеринде кубаттуулугу 501 мегавольтампер автотрансформатору менен “Датка” 500 КВ жаңы көмөк чордону курулган. Узундугу 248, 6 км болгон 220 кВ аба электр чубалгысы курулган:

  ▪ 71, 3 км узундугу менен эки чынжырлуу “Датка-Узловая” аба электр чубалгысы;

  ▪ 11,3 км узундугу менен бир чынжырлуу “Узловая-Төрөбаев” аба электр чубалгысы;

  ▪  45,3 км узундугу менен эки чынжырлуу “Узловая-Алай”.

Ошондой эле “Датка” көмөк чордонуна  ажыратылган зымы менен учурда болгон “Күрп-Сай ГЭС – Төрөбаев” 220 кВ  чубалгысы жана “Токтогул-Лочин” 500 кВ аба электр чубалгысы кошулган.                                                                                                                             

Учурда болгон Жалал-Абад облусундагы “Кристалл” жана “Төрөбаев” 220 кВ  көмөк чордонунда, Ош облусунда “Узловая” көмөк чордонунда, ошондой эле Баткен облусунда “Алай” жана “Айгүл-Таш” көмөк чордондорунда заманбап жабдууну орнотуу менен реконструкция аткарылган:

“Узловая” 220 кВ КЧнын реконструкциясында

125 МВА автотрансформатор 200 МВА автотрансформаторуна алмаштырылган;

8 чөмөгү менен 220 кВ жаңы ачык бөлүштүргүч түзмөгү курулган;

120 МВар кубаттуулугу менен 110 кВ БСКнын үч чөмөгү орнотулган.

 «Кристалл» 220 кВ КЧнын реконструкциясында төмөнкүлөр орнотулган:

▪ 220 кВ ачык бөлүштүрүү түзмөктүн эки чөмөгү;

Күрп-Сай ГЭСнин 220 кВ аба электр чубалгысында релелик коргоо жана автоматика.

 «Төрөбаев» 220 кВ КЧнын реконструкциясында төмөнкүлөр орнотулган:

▪ 220 кВ ачык бөлүштүрүү түзмөктүн эки чөмөгү;

тиешелүү чөмөгү менен 40 МВар кубаттуулугу менен 110 кВ БСК.

 «Алай» 220 кВ КЧнын реконструкциясында төмөнкүлөр орнотулду:

▪ 220 кВ ачык бөлүштүрүү түзмөктүн эки чөмөгү;

▪ тиешелүү чөмөгү менен 80 МВар кубаттуулугу менен 110 кВ БСК.   

 «Айгүл-Таш» 220 кВ КЧнын реконструкциясында төмөнкүлөр онрнотулду:

тиешелүү чөмөгү менен 40 МВар кубаттуулугу менен 110 кВ БСК.

Ошондой эле Күрп-Сай ГЭСинде “Кристалл” 220 кВ аба электр чубалгысында релелик коргоо жана автоматика тутуму алмаштырылды.

2013-жыл 3-июль