Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев 500 кВ «Датка» подстанциясынын ачылыш аземине катышты

Бүгүн, 2013-жылдын 3-июлунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Акман айылындагы 500 кВ  «Датка» подстанциясынын ачалыш аземине катышты.

Өз сөзүндө Президент белгилеп кеткендей, Базар-Коргон жергесинде болуп жаткан окуя бүтүндөй өлкө, эл үчүн зор мааниге ээ.

“Датка” подстанциясын баштап жатып, эки жыл мурда - 2011-жылдын июлунда, келечек муундарга кайрылып, пайдубалына капсула койдук элек. Эки жыл бою “Датка” ишин баштаар күндү чыдамсыздык менен күтүп келдик. Кудайдын буйругу менен күткөн күнүбүз да келди. Кытайдын ТВЕА жана “Кыргызстандын улуттук электр тармагы” компаниялары биргелешип “Датка” подстанциясынын жана тиешелүү электр берүүчү линиялардын курулушун кыска мөөнөттө толугу менен аякташты”, - деди Президент.

Анын айтымында, бул стратегиялык курулуш энергетиктердин, куруучулардын, өлкөнүн өнөктөштөрүнүн чоң күч-аракетин, күжүрмөн эмгегин талап кылды.

“Датканы” бүгүн ишке киргизгенибиз – бул ондогон жылдар бою кыштын чилдесинде светтин, жылуулуктун жоктугуна чыдаган миңдеген мекендештерибиздин, карапайым элибиздин чоң жеңиши. Кудай буюрса, 2015-жылы аталган объекттердин ишке кириши менен Кыргызстан жеке өзүнүн “энергоалкакчасына” ээ болот. Биз коңшу мамлекеттерге көз каранды болбой, өлкөбүздүн түштүгүн да, түндүгүн да үзгүлтүксүз электр энергия менен камсыздап калабыз”, - деди Президент.

Өлкө башчысынын ишениминде, 2015-жылы Кыргызстан электроэнергетикалык эгемендикке  жетишет.

“Россия менен биргелешип Жогорку-Нарын ГЭСтеринин каскадын кура баштадык. Эмки кадамыбыз - Камбарата-1 ГЭСин куруу. Буюрса, Кытай менен бирге Сары-Жазда бир нече ГЭСтерди курабыз”, - деп айтты Алмазбек Атамбаев.

Президент белгилегендей, Кыргызстан бүгүн зор өзгөрүүлөрдүн, жаңылануунун босогосунда турат жана жакынкы жылдары мамлекетти өнүгүү жолуна алып чыгуубуз зарыл.

Ошондой эле Кыргызстан тез өнүгүп, калкына татыктуу жашоо камсыздаган мамлекеттердин катарына кирүүгө милдеттүү экенин жана ал үчүн бизде бардык мүмкүнчүлүктөр болгонун Президент айтып өттү.

Президенттин ишениминде, жаңы подстанция ондогон жылдар бою элге, өлкөгө кызмат кылат.

“Келечекте урпактарыбыз аракетибизди баалап, Кыргызстанды көздүн карегиндей сактайт, өлкөбүздүн келечеги кең болот деп терең ишенем!”, - деп сөзүн аяктады Алмазбек Атамбаев.

2013-жыл 3-июль